БИР БҮРКҮМ. АЙДООЧУУЛУК КҮБӨЛҮК АРЗАНДАДЫ...
№906 12-18-март, 2020-ж
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары кызматтарынан бошотулду.
-
Бишкектин борборунда быйыл Нооруз майрамы белгиленбейт.
-
Айдоочулук күбөлүктүн баасы 184 сомго арзандады.
-
Окуучулар жазгы каникулда 21-марттан 30-мартка чейин эс алышат.
-
Муфтият коронавирустун алдын алуу максатында түлөө өткөрдү.
-
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония карантинге жабылды.
-
Өлкөдө өмүр бою эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялады.
-
Улуттук статистика комитети: Өлкөдө жарандардын 50,4 пайызын аялдар түзөт.
-
Кара-Суу шаарынын мэри Куттугали Козубаев кызматтан кетти.
-
Кыргызстанда 208 кишинин качкын макамы бар.
-
Иранда кыргызстандык 76 айдоочу коронавирустан улам чек арадан өтө албай турат.
-
Өзгөндөгү "Сай-Аска" көмүр шахтасында кырсык катталып, украиналык жаран каза болду.
-
Жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү мөөнөтү 6 иш күнүнө кыскарат.
-
АКШ Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын берди.
-
Базар-Коргон районунун акими болуп Бакыт Козуев дайындалды.
-
Ысык-Көлдө жаран 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалды.
-
Өлкөдөгү бардык мечиттер дезинфекцияланат.
- Депутаттар китепканачылардын айлыгын көтөрүү маселесин өкмөттүн кароосуна тапшырды.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-3