БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ТОЙКАНАЛАР ЖАБЫЛДЫ...
№907 19-25-март, 2020-ж.
-

Муфтият: Коронавирус коркунучунан улам
жума намазды чогулуп окуу убактылуу токтотулсун.
-
18-марттан тарта Ош шаарына жылуулук берүү токтотулду.
-
Өлкөдө тойканалар убактылуу жабылды, талапка баш ийбегендер жоопкерчиликке тартылышат.
-
Кылмышка шектелип жаткан генерал Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу үй камагына чыгарылды.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары 23-марттан тарта шайлоочулар менен жолугушууга кетишет.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
-
Жалал-Абад облусунда бир апта ичинде 33 айдоочу мас абалында кармалды.
-
Экс-депутат Анарбек Калматов президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.
-
Өкмөт доллардын сомго карата курсу азыркы көрсөткүчтөн жогорулабай турганын билдирди. Учурда 1 доллар 72 сом 90 тыйынга бааланууда.
-
Бишкек шаарына жылуулук берүү 19-мартта токтотулат.
-
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өлкөдө медициналык бет кап кошумча нарк салыгынан бошотулду.
-
Чет өлкөдө саякатта жүргөн 200гө жакын Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келе албай жатканы айтылды.
-
Кыргыздын медициналык окуу жайлары чет элдик абитуриенттерди кабыл алууну токтотту.
- ЖЭБ сотундагы жарыш сөздө айыпталуучу Айбек Калиев күнөөсүз экенин айтып, соттон актоону суранды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-3