БИР БҮРКҮМ. АБА КАТТАМЫ ТОКТОТУЛДУ...
№908 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
-

Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу футбол боюнча
Кыргыз Премьер-Лигасы 8-майга чейин токтотулду.
-
Өзгөчө абал режимине байланыштуу Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
-
Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал жарыяланган Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант болуп дайындалды.
-
Өлкөдө ички темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.
-
Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды.
-
Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү каалагандар үчүн ачылган Каржы министрлигинин атайын эсебине түшкөн акчанын суммасы 24-мартка карата 11 миллион 300 миң сомду түздү.
-
Ун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом насыя берилди.
-
25-марттан тарта өлкөнүн ички аба каттамдары токтотулду.
-
24-мартка чейин өлкөдө 8 миллион 397 миң 447 чарчы метр аймак дезинфекцияланганы айтылды.
-
Ошто "коронавирусту бийлик ойлоп тапкан" деп жалган маалымат тараткан адам кармалды.
-
Өкмөт жашоо үчүн зарыл дарыларды жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берди.
- Таласта ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, кирип-чыккандар дыкат көзөмөлгө алынууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-3