Учурда өкмөттүн көзүн карабай өз аракеттери менен эл үчүн пайдалуу иштерди жасап жаткандар көп. Учурдагы эпидемиялык кырдаал ушундай иштерге жол ачууда. Талас обулусунун Талас районундагы элдин камын көргөн мырзалар коронавируска каршы 2 дезинфекциялоочу туннелди жасап, колдонууга беришти.
Адылбек Жусупбеков, Талас шаардык кеңешинин жетекчиси:
– Чет өлкөлөрдөгү коронавируска каршы дезинфекциялоочу туннелдерди интернеттен көрүп отуруп, мындайды эмнеге өзүбүз жасоого болбосун деген ой келди. Алгач андай туннель үчүн кандай материалдар керек, макети кандай болушу керек деп ойлондум. Анан бул идеям менен Талас шаардык жылуулук тармагынын жетекчиси Мирлан Мамадалиевге кайрылсам, ал менин идеямды колдоду. Экөөбүз долбоорун иштеп чыктык. 2 туннелди тең Мирлан Мамадалиев өзүнүн кызматкерлери менен бирге 2 күндө бекер жасап беришти. Материалдары менен камсыздоо менин моюнумда болду.
Туннелдердин бийиктиги 2 метр 30 сантиметр, туурасы 2 метр.
Туннелдер үчүн колдонулду:
- Диаметри 25 миллиметрдик 35 метр түтүк
- 10 даана сууну буу кылып чача турган систем
- 1 насос (550 ваттык)
- 25 метрлик газ шланга
- Баннер (сыртына)
- Антисептик үчүн атайын 2 идиш
Жалпы чыгым: 30 000 сом.
Туннелдердин бири Талас шаарынын чыгыш жактан кире беришине, экинчиси Талас районунун Талды-Булак айылындагы санитардык постко коюлду.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
Мен ойлоптурмун вакум түрүндө курулган деп
Так таак