Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«ОО, АНДА КӨКТӨМ ЭЛЕ, КӨКТӨМ ЭЛЕ...» Жаз, сүйүү чакырган ырдын тарыхы№909 7-13-май, 2020-ж. «Көктөм эле» ырын 2002-жылы ырчы Кенже Кубатова алгачкылардан болуп комуздун коштоосунда ырдап чыкты. Бирок ырдын обонун жараткан Калмурат Рыскулов негедир бул ырдын эстрада жанрында жаңырышын эңсеп жүрдү. Кайсы ырчы жүрөккө жеткире ырдай аларын да элестетип койгон. Ички туюму «Салима Балтаева гана жеткире ырдайт» деп турду. Бир күнү ырчыга барды да: – Салима, ушул ырдын сенин үнүң менен жаңырганын элестете берем. Ырды эстрада жанрына салып ырдап чыкпайсыңбы?- деди. Ыр көңүлүнө жагып турса да Салима Балтаева бир аз кыйылып турду, мунун себеби бар эле. – Калмурат, карга карганын көзүн чукубайт. Кенже досум болсо, бул ырыңды ал ырдап жүрсө, менин да ырдап чыкканым кандай болуп калат? – Кенже капа деле болбойт. – Жок, капа болбойт дебей, Кенженин өзүнөн сура. Ал макул болсо гана ырдайм,- деп маселени кабыргасынан койду ырчы. Калмурат мырза Салима Балтаеванын бул сунушун четке каккан жок. Кенже Кубатовага барды да, макулдугун алып келди. Обончуга башында эле Кенже Кубатова каршы болбосу белгилүү эле. Анткени анын кең пейил экенин жакшы билчү. Мына ушул окуядан тартып «Көктөм эленин» жаңы тарыхы башталды. «Көктөм эле» ырына экинчи өмүр тартуулап, авторлордун да, элдин да купулуна толгудай аткарып чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Салима Балтаева ырдын тарыхын баяндап берди. – «Көктөм эле» ырынын жолу ачык болду. Аранжировкасын жасатуу үчүн буга чейин ырдап жүргөн «Эне тилеги», «Сагындым, туулган жер, сени», «Биздин айыл» ырларымдын аранжировкасын жасаган композитор Мырзалы Жээнбаевге кайрылдым. Мырзалы курсташым болот, ырдын обону ага да жагып, аранжировкасын бат эле жасап берди. Ырдын сөзү Сооронбай Жусуевге таандык эмеспи. Ага «сиздин ырыңызды ырдаганы жатабыз» деп кайрылып, батасын алдык. Ал киши балбалактап сүйүнүп «жакшы болот» деди. Ырды жаздырар алдында Калмурат «обонду кээ бирөөлөр туура эмес созуп коюшат. Бирок сен профессионал ырчысың, ишенимдүү ырдашың керек» деп кабатыр болуп, комузу менен 3-4 жолу келип үйрөтүп жүрдү. Ошол кезде Бишкектеги Спорт сарайында үн жаздыруучу студиялар бар болчу. Ырды жаздыргандан кийин Калмурат угуп көрүп, «мен ушундай элестеткем» деп абдан сүйүндү. Ал кезде концерттерге байма-бай катышып турчумун. Бул ырды радиолорго деле бербептирмин. Концерттерден ырдаганымды угуп радиолордон чалышып, «сиздин ушундай ырыңыз чыккан турбайбы, алып келип бербейсизби» деп сурай башташты. Ыр радиолордон жаңырып, телеберүүлөргө чакыра башташты. 2 айга жетпей ыр элге тарап кетти. Кассеталарга жаздырып чыгара башташты. Жолу ачык, акжолтой чыгарма болду. Ошондон кийин Калмурат мүдөөсү аткарылгандай кубанып, башка ырларын да сунуштап, иштешели деп жүргөн кезинде каза болуп калып жатпайбы. Көзү тирүүсүндө ушул ырын өзү каалаганындай ырдап, кандайдыр бир деңгээлде кубаныч тартуулай алганыма сүйүнүп калам. Калмураттын биринчи жеке концертине катышкам. 2004-жылы экинчи жолу концерт бергенде кош бойлуу элем. Токсикоз болуп, кусуп, өзүмдү жаман сезип жүргөм. Бул абалымды кош бойлуу болгон келиндер жакшы түшүнсө керек. Ошол күнү тойго чакыруу да бар болчу. Кийин жолукканда «концертиңе бара албай калганыма өзүмдү күнөөлүү сезип, ыңгайсыз болуп жатам. Тойго да, сенин концертиңе да бара албай калдым» дегем. Таарынып жаман сөз айткан жок. Бирок кийин «эптеп жолун таап, концертине барып келсем болмок» деп өкүнүп жүрдүм. Азыркыга чейин бул ырды суранып ырдатышат. Маараке-тойлорго атайын ушул ыр үчүн чакыргандар да бар. «Кайсы Салима?» десе «Көктөм эле» дегенди ырдаганчы» деп айтып калышат. Ал эми Сооронбай Жусуев агайыбыз чыгармачыл кечесине мени сөзсүз чакырар эле. Ал киши балдарына «менин жанагы «Көктөмдү» ырдаган кызымды чакыргыла» дечү (күлүп). Агайды иш-чаралардан көрүп калып учурашканы жанына барып калсам, жанындагыларга «бул жанагы «Көктөмдү» ырдаган менин кызым да» дечү. Алар «билебиз» десе да, «бул жанагы кызым да» деп кайталап мактап калар эле. Бул ыр Салима деген ысымым менен кошо жүргөн, чыгармачылыгымда чоң орду бар, популярдуулугумду арттырган ыр болду. Кайсы жакка барбайын, «менин бактыма жаралган ыр» деп айтып келем. Музыкалык билими жок болсо да көкүрөгүндө көрөңгөсү бар талант Калмурат Рыскуловдун көзү тирүү болгондо быйыл 46 жашка чыкмак. Жан дүйнөнү эргиткен далай кайрыктарды жаратмак. Кырчындай 30 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салып, артына өчпөс из калтырып кеткен обончуну досу Кубат Болотканов эскерет. – Мен КМУнун юридикалык факультетинде, Калмурат филология факультетинде окучубуз. Окуу жайда Ноорузга, Жаңы жылга байланыштуу маданий иш-чаралар өткөрүлүп турчу. 1-курста окуп жүргөндө ошондой майрамдык иш-чаралардын биринде манасчы Рыспай Исаков жана Калмурат менен таанышып калганбыз. Рыспай манас айтып, Калмурат комуз менен ырдачу. Ошентип Калмурат экөөбүз ынак болуп кеттик. Ошол маалда Калмураттын обондоруна жазылган ырларды белгилүү ырчылар аткара элек болчу. Бирок досумдун обондору маңыздуу, терең экенин билчүмүн. Ырдын текстин да мыкты тандачу. Өзү жашаган бөлмөдө акындардын китептери турчу. Калмураттын шаңшып чыккан үнү болбосо да, комуз менен өтө сонун ырдачу. «Өмүргө адам бир келет, өмүргө адам бир белек» деген ырын укканда «түшүнүп чыгардыңбы же жокпу, билбейм. Бирок керемет ыр чыгарып салыптырсың» дегем. Какемди мурунку салттуу обончуларыбыз Атай Огонбаев, Муса Баетов, алардан кийинки Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаковдун жолун уланткан муундардын көрүнүктүү өкүлү болду десем жаңылышпайм. Өзү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй кыргыз музыкасына опол тоодой салым кошуп кетти. Көзү өтөргө жакын «Көктөм эле» ыры эл арасына тарап, жакшы кабыл алынды. Андан кийин көптөгөн белгилүү ырчылар анын обонуна таандык ырларды таламайга түшкөндөй талашып ырдап башташты. Жаңы ырларын унаада баратып угуп калганда Какемди эстеп жүрөгүм ооруйт. Куудулдук жайы да бар болчу. Бирөөлөрдү туурап, боорду эзип салчу. Саякбай манасчы агабызды баш кылып туурачу. Каралаевдин дал өзүндөй манас айтып салганда манасчынын өзүн уккандай эле каткырып жатып калчубуз. Күлкүлүү окуяларды да келиштире, укмуштуудай сонун айтып берчү. Какемдин чыгармачылыгын сыйлачумун, адамдык касиеттерин жакшы көрчүмүн. Сөзмөр эле, китеп окуганды жакшы көрчү. Кыргыз жазуучуларынын жакшы чыгармаларын, аңгемелерин окуп алып, аларды кайра кинону айтып бергендей айтып берчү. Өзү бир сонун окуясын айтып калчу. Түгөлбай Казаков бир журналда иштеп жаткан кезде Калмурат барып калыптыр. Түгөлбай ага «канча обонуң бар?» деп сураса, Какем «40тан ашык обонум бар» дептир. «Оо, сен мыкты турбайсыңбы, Рыспай Абдыкадыров өмүрүнүн аягына чейин бир обонум бар бекен же жок бекен деп жүрүп көзү өтүп кетти эле. Сенин 40 обонуң болсо, анда мыкты экенсиң» деген тура. «Түгөлбай агайдын бул сөзүн угуп жерге кирип кетейин деп аз жерден калдым» деп күлдүргөн эле (күлүп). Түгөлбай агай да сөздү айландырып, бурап сүйлөйт эмеспи. Тугөлбай Казаков Калмураттын «Өмүргө адам бир келет» деген ырынын нотасын түшүргөн экен. Ал деле бирөөнүн чала-чарпыт обонун нотага түшүрө бере турган киши эмес. Данектүү, дандуу обон экенин көрүп туруп түшүрүп жатат да. Калмурат каза болордон 10-15 күн мурун Нарынга барганбыз. Командировкага баратып аны ала кеткем. Ал жакта жалгыз жүрбөйүн деп Какемди таап «комузуңду ал, кеттик» деп сапарга чыккан элек. Нарындан келгенден кийин 15 күндөн кийин көзү өтүп кетти. Каза болгонун укканда төбөмө чагылган ургандай болгон. Коом өзгөрүп, биздин муун баш-аягы жок, чаң-тополоң түшкөн заманга туш келип калды. Ошондой маалда Какемдин турмушу жеңил болгон жок, темселеп курулушка барып иштеген күндөрү да болду. Бирөөнүн короосуна уктап калганы үчүн жалган жалаа менен 2-3 айлап камалып кеткен сыноолорду башынан кечирди. Ошентип жүрүп көкүрөгүндө көрөңгөсү бар талант жалпы баарыбызга таарынгандай жалган дүйнөдөн эрте кетип калды. Баркын биле албай калдык. Өсө турган мамлекет өнөрлүү адамдарын бапестеп, аяп, алаканга салып багат. Биздикилер тебелеп-тепсеп, кемсинтип турушат. Табияттан берилген таланты бар эле. Баалаган киши болгон жок. Өзү карапайым болчу, комузундай жөнөкөй эле. Калмураттын ырлары кыргыз эли аман турса далай ырдалат. Обончу Калмурат Рыскулов 1974-жылы 18-октябрда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. 1991-жылы орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган. 1992-жылы 1-курста окуп жүргөндө акын Сооронбай Жусуевдин «Кыялды кантип тыямын?» аттуу ырына обон жараткан. Ошондон баштап «Көктөм эле», «Ат-Башым», «Өмүрдөгү бийиктик», «Өкүт ыры», «Ата Журт», «Боогачың сенин болоюн» жана башка 50гө жакын ырга обон жараткан. Обончу 2004-жылы 3-ноябрь күнү каза болгон.
Сөзү: Сооронбай Жусуевдики Обону: Калмурат Рыскуловдуку Динара Абдыкадырова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|
"Калмурат каза болоруна 10-15 күн калганда Нарынга барганбыз".
/Каза болоруна 10-15 күн калганда/ Каза болорун досу мурда билчү бекен?