Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ЭРТЕ ӨЧКӨН ЖЫЛДЫЗ… ЗАЛКАР ТӨКМӨ АКЫН, ОБОНЧУ, ЫРЧЫ ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВДИ ЗАМАНДАШТАРЫ ЭСКЕРЕТ№909 7-13-май, 2020-ж.
Алп акын, обончу, аткаруучу, дастанчы Элмирбек Иманалиев сахнага эрте аттанган. 5 жашында колуна комуз кармап, 12 жашында төкмөлүккө алгачкы кадамын таштайт. 15 жашында филармониянын чоң сахнасында республикалык акындар айтышына түшүп, баш байгени жеңип алган. Ага чейин эле кичи мекени Токтогулда аты чыга баштаган Элмирбек мырзаны белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиев атайын айылына издеп барып, ырдатып көрүп эле «сенден төкмө акын же жазма акын чыгат. Айылда жүрсөң чөйрөң кандай болот ким билет, шаарга жүрү» деп апасынын уруксатын алып шаарга алып кеткен. Ошондон баштап Тууганбай Абдиевдин шакирти болуп, чыгармачылыктагы улуу жолу башталган. Бул жол чындап улуу болду. Өмүрүнүн 27 жылын төкмөлүк, обончулук, акындык өнөргө арнады. – Элмирбек экөөбүз борборго келгенде таанышып, жакын болуп калган элек. Анда экөөбүз тең жаш балабыз. 1992-жылдан ушул убакка чейин жакшы мамиледе болдук. Элмирбектей адамдар кылымда бир жаралат. Заманыбыздын ойчулу эле, өтө билимдүү болчу. Китепти баса калып окучу. Биз таң атканча сүйлөшөр элек, түрдүү темада сүйлөшүп черибиз жазылып калчу. Акыркы жолу 15-20 күн мурун жолукканбыз. Көз айнек кийип калган акыркы учурларда. «Ушуну тагынбай эле койсоңчу» десем, «мен эле тагынайын деп жатат дейсиңби, көз жакшы көрбөй калып жатат» деген. Кант диабети менен ооругандардын көзү да жакшы көрбөй калат тура, көп жылдан бери бул дарт менен алышып келе жаткан. Досум, Кудай берген адам элең. Сөзү да сонун, өзү да сонун, ырың да, сырың да укмуш болчу. Түгөнгүс кенч болчусуң, мага сахнада ачыла албай калгандай сезилчүсүң. Комуз черткениң, манас айтканың... Терең элең, кенен элең, айкөл элең. «Кыргыз ким?» десе, сени көрсөткүм келчү. Кулактын моокуму канбай калды. Тоодо, талаада, калаада, үйдө сага тоюп калуу мүмкүн эмес эле. Кош, досум, тынч жат... – Элмирбек агайдай адамдар дүйнөгө аз келет. Устатым менен 2015- жылы Ош шаарында жолуктум, агай бир жакшылыкка барган экен. Учак менен учарына бир эле саат калса да «сиңдимдин өнөрүнө күбө болуп коюңуз» деген эжемдин көңүлүн калтырбай, бир саат сүйлөшүп отурдук. Аябай сонун сүйлөчү, тилинен бал тамып жаткандай болчу. Агай менен сүйлөшкөн бир саат тагдырыма бурулуш жасагандай сезилди. Көөдөнүм толуп, тим эле акын болуп кеткендей жан дүйнөм ырга бөлөнгөн эле. Агайдын айтуусу менен борборго келип, шакирти болуп калдым. Өтө жөнөкөй адам эле. Ар бирибизге мүнөзүбүзгө жараша мамиле кылчу. Ким эмнени көтөрө алат, билер эле. Акындыкка эле эмес, жашоого да такшалтчу. Башынан өткөргөндөрүн көп айтып берчү. Сабак алгыла деп калчу. Устатым менен бир ай мурун кезиктим. Ал кант диабети менен ооруп жүрчү, ооруканага жатып калыптыр. Байланышсам «эртең чыгам» деди. Баламды көтөрүп алып барып жолугуп, көпкө сүйлөшүп отурганбыз. Агай ооруп жүргөнү менен, өзүн жакшы күтчү. Акыркы жолу ооруп калганын билген эмесмин. Кечинде социалдык тармактан көрүп нес болуп калдым, акындардан сураштырсам чын экен (ыйлап). Гүлбү эжеден 2 кызы бар эмеспи, Нурзат жеңеден 3 уулу, бир кызы бар. Кичүүсү бир жашка чыгып калды окшойт. Нурзат жеңем аябай жакшы аял, чыгармачыл адам менен жашаган оор эле го, агайдын сөзүнөн чыкчу эмес. Диетасын иреттеп аябай жакшы карачу. Дагы деле устатымдын көзү өткөнүнө ишене албай турам. – Суук кабарды түндө уккандан бери жан дүйнөм эңшерилип жаман болуп жатам. Интернетти ачкым келбей, телевизор көргүм келбей отурам. Арстан акын, алп акыныбыздан айрылдык. Бардык чындыкты бетке айткан, эч нерседен коркпогон, тайманбаган акын эле. Айрыкча акыркы кезде баарын түз айта баштаган. Канатыбыз кайрылды, эң чоң талантты жоготтук. Акын гана эмес, керемет обончу эле. Элмирбек менен канча иштешип калдык, бир да адамга катуу сүйлөбөгөн жан эле. Экөөбүздүн мамилебиз аябай жакшы болчу. Жамандыгы жок, күлүп-жайнаган бала кыял эле. Кенедейибизден филармонияга келдик да. Чогуу жүрүп, чогуу өстүк. Кийинки убактарга чейин жолуккан жерден саламыбыз түз болду. Элмирбектин «Карап, карап» ыры менен дүң этип, дагы бир жолу көтөрүлгөм. Ошондо келип «талантыңызды сыйлайм, ыраазымын» деген эле. Кайсы жерден жолугуп калсак да «бул Токо эжемдин ыры. Сиз ырдаңыз, сизден кийин биз ырдайлы» деп калчу. Мен ага аябай ыраазымын, жерге жаксын. Мен аябай жаман болуп жатам (ыйлап). Элмикем кыргыз эли чыгаан инсандарынан айрылганда коштошуп боздоп турчу эле. Ушундай алааматта эл адамынан айрылып калганыбызга күйүп жатам. Кыргыз эли жапырт көчүп барып топурак салмак элек. Эми эмне кылабыз? Ошого кабатыр болуп жатам. Элмирбектин ооруп жүргөнүн билчү эмесмин. Намаз окуп жатканын угуп сүйүнүп калган элем. – Айтышка келгени Элмирбек байкени жакшы тааныйм. Өзү көрөңгөлүү, ар тараптуу инсан эле. Жакшы сынчы болчу. Жаш акындар келгенде кимдин кандай артыкчылыгы, кемчилиги бар, дароо билип койчу. Анан көңүлүнө жагып калган шакиртине жан үрөп убактысын аябай үйрөтчү. Мен Эстебес атабыздын үнүнө, андан кийин эле Элмирбек байкенин үнүнө кызыкчу элем. Дастан айтчу, манас айтчу, поэзия, төкмөлүк, обончулук, айтор, төрт тарабы төп келген талант болчу. Жоготуп алдык, жаман күндө турабыз. Бейишин берсин! Жакында «Айтыш» сынагы болгон, ошондо өзүнүн сын-пикирин балдардан айттырып жибериптир. «Маанайың пас, эмне маселең бар? Акын майрамдагыдай маанайда айтышыш керек, акын ошол ирмемде жашап айтышышы зарыл» деген экен. Баарын кучагына батырган даркан талаа эле. Дагы бир өзгөчөлүгү – кыргыз эли шайыр-шатман, опур-топурду сүйгөн калк эмеспизби, ал жалгыздыкты жакшы көрчү, ойчул эле. Лирик болчу, өз дүйнөсүндө жалгыз калганды жакшы көрчү. Түгөнөр кезди билдиңби, досум? Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө, Түбөлүк жайды сүйдүңбү, досум? Кучактап жыттап албайт бир белем, Кууратар күндү ким билди, досум? Казына ырлар миң эле, досум. Өнөрдүн анык тулпары элең, Өзүңө жетчү ким эле, досум? Өкүрүп турам өзүмө келбей, Өкүнтүп кеттиң чын эле, досум. Тагдырым экен, санаа көп, досум. Суйкайган кыздар, балдарың кантем, Сурашса «атам кана?» деп досум? Өзгөлөр билбес кадырдын баркын, Өзүмдү кошо ала кет, досум. Жашайбыз эми сен келбей, досум. Эш тутуп, залкар билчү эле калкың, Эшмамбетти көргөндөй, досум. Токтобойт көз жаш, кабырга сыздап, Токтогул кайра өлгөндөй, досум. Обонуң муңдуу, башка эле, досум. Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн Көрүнүп турган кашка эле, досум. Кылымды көрөр алтындай башың Кырк эки гана жашта эле, досум. Санатың жашайт миң кылым, досум. Жылт эткен өмүр бизде да бүтөр, Жылмайып күтүп тургунуң, досум. Коштогон арман кургурум, досум, Кош эми, Элмир, булбулум, досум... «АГАЛАРЫМА СҮЙҮҮ КАТТАРЫН ЖАЗЫП БЕРЧҮМҮН» – Бир күнү атама «жер кайсы жерден бүтөт?» деген суроо узатсам, ал «жер Ленин, Сталин аталарыӊ жаткан Москвадан, Кремлден бүтөт» деп кызыктуу жооп узаткан. Атамдын жообунан кийин мага Кремлдин ары жагы деӊиз же талаа болуп барып жер бүтчүдөй туюлчу болду. Өзүм көрбөгөн нерселерди элестетип тарта баштадым. Гезит, журналдардан Лениндин сүрөтүн көчүрүп тартам. Акча, тыйындардагы сүрөтү болсо деле тарта берчүмүн. «Тартпа, көрүп калса каматып жиберет» деп коркутушса деле болчу эмесмин. Эс тарткан сайын Манаска болгон кызыгуум артып, Манастын баатырлыгына, айкөлдүгүнө, эрдиктерине маашырланып, Манас болом деп чыктым. Көк чыбыкты ат кылып минип, аны Аккула деп атап, туягын элестетип тегерете сызып атама көрсөтө берчүмүн. Бара-бара алдымдагы көк чыбык Аккула, мен Манас боло албасымды түшүнгөндөн кийин эпосту айткым келе баштады. Манас айтканымды көргөн агам «мен эпостун бардык томун окугам, сен айткан жери жок болчу» деп катуу уялткандан кийин тык токтотком. 3-4-класста окуп жатканда ыр жазуу дымагым ойгонуп, классташ кыздарга сүйүү саптарын арнай баштадым. Ыр жазганымды билген жогорку класстагы агаларым буюртма берип, сүйгөн кыздарына ыр жаздырууга өтүштү. Алгачкы гонорарларымды ошол учурда эле ала баштагам. – 2007-жылы ноябрь айында митингде ырдап коём деп балээге калгам. Анда эч кимди кетсин деген талап жок эле, болгону реформалык өзгөрүштөрдү күтүп эл толкуп чыккан. Ошондон кийин майда-чүйдө коркутуулар күчөп, бийликтегилердин укуругу абдан узун болот экен, ар кандай жолдор менен жолуңдан чыга берет. Ал учурда артымдан бир топ күн номери жок Жигули ээрчип жүргөн. – Бир кезде сүйүүнүн ысыгына туруштук бере албай баш кошкон жубайлар элек, эми минтип эки тарапты беттеп кеттик. Гүлбүбү менен жашаган 15 жылдык өмүрүмдө менин көзүм ачылды, ал киши менен чогуу жашаганыма да, ажырашканыма да өкүнбөйм. Аны менен алгач таанышып, жаңы үйлөнгөн учурумду эстегенимде азыр да жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Биз 1994-жылы таанышканбыз. Анда мен 15те, Гүлбүбү 16да болчу. Гүлбүбү Искусство институтунда окуп жүргөндө кичүү кызым Сезим 1 жашта болчу. «Окуусу үзгүлтүккө учурабасын» деп аны өзүм бактым. Ошол учур менин басып өткөн өмүрүмдөгү сөз менен айтып бере алгыс учур дегим келет. Анын тамак ичкенин, жөрмөлөгөнүн, кыскасы, баарын-баарын күндөлүк кылып кагазга түшүрчүмүн. Ошол күндөрүмдү сагынып, ошол күндөргө кетким келет. «Казан-аяк кагышат, эрди-катын табышат» дегендей, үй-бүлөдө үйлөнгөндөн тарта анча-мынча чатактар болуп жүрдү. Бирок кайра эртеси эле табышып алчубуз. Кыргыздын башка келиндеринин башына түшкөндөй кайнене-кайнатасын багып, кир-когун жуумай дегендер Гүлбүбүнүн башына түшкөн жок. Анан ал «ырдайм» деп чыкты. Анда да колдодум. Бирок ошондо эмне максат менен ырдаганы жатканын сураган элем. Гүлбүбү көпкө ойлонуп отуруп: «Сен ырдап жүрөсүң го, мен деле сени менен тең ырдашым керек»,- деп жооп берген. Мындай жооптон кийин бизде да бир кезде үй-бүлөдө келишпестик болорун сезген элем. Эркек көбүнчө сыртта болуп, үйдүн жок-житигин толуктап турат. Ал эми аял киши бала-бакыраны багып үйдө отуруу керек. Мен барган аш-тойго Гүлбүбү да барса, экөөбүз тең түн ичинде келсек, анан уруш-талаш чыгат да. Анын үстүнө, сүйүүнүн да балалыгы, эс тарткандагысы, картайганы болот окшойт. Биздин сүйүү да картайды го деп ойлойм. Гезитибизге Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева маек берип, атасы тууралуу буларды айтып берди эле: – Атанын атадай сүрү болот, андан ийменип, көп нерсени айта албайм. Элмирбек Иманалиев сахнада кандай күлүп-жайнап жүрсө, жашоодо деле ошондой жөнөкөй адам. Ачуусу чукул, бирок бат жазылат. Бул сапаты мага да өткөн. Апам болсо токтоо, оңою менен ачуусу келбейт, келсе ушундай бир жарылат дейсиң. Сырымды апам менен бөлүшөм. Ага бүт баарын жашырбай айтам, эч качан кагып салып же кол шилтеп басып кетпейт. Кунт коюп угуп, жөндүү кеңеш берсе «ии, чын эле ушундай да» деп калам. Ушул кезге чейин ата-энемдин атактуулугун пайдаланган эмесмин. Бул нерсе мага жакпайт дебейм, тескерисинче, атам менен да, апам менен да сыймыктанам. Бирок «Иманалиевдин кызы» дедирбей, баарына өз күчүм менен жетким келет. Мен 6-классты аяктап жатканда, тилекке каршы, ата-энем ажырашып кетишти. Мындай учурда балдарга кыйын экен. «Атаң менен каласыңбы же апаң мененби?» деген суроонун өзү оор болду. Азыр баары жакшы, ал мезгил өтүп кетти. Учурда атам менен жолугушуп турабыз. Баласы Эрулан бизге өзгөчө жакын. Атам «Эрулан силерге эч бир чаң жугузбайт» деп калат. Ал эми кызы менен кичүү уулун көрө элекмин. Буюрса, келечекте жакшы катышабыз деген ойдомун. Анткени бир атанын балдары эмеспизби. Ата-энемден ашыкча акча алгым келбейт. Айрым кыздарды көрүп жүрөбүз, ата-энесинин акчасы барбы, жокпу, болбогон нерсе үчүн сурап кыйнашат. Атамдан аябай керек болсо эле албасак, кайрылбайбыз деле. Анын үй-бүлөсү, үч баласы бар дегендей, аларды да багыш керек. Керектөөлөрүбүздүн баарын апам бүтүрөт. Элмирбек Иманалиев экинчи никесиндеги жубайы Нурзат айым менен 3 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен. Жубайы тууралуу бизге берген маектеринде буларды айткан эле: – Келинчегимдин кесиби медик болгондуктан, мага кайсы тамак жакпасын, ден соолугума зыян-пайдасын карап турат.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдырашитова жолдошу тууралуу буларды айткан: – Мен биринчи жолу интервью берип жатам. Өзүм сөзгө чоркокмун. Чыгармачыл инсан катары Элмирбектин бизге көп нерсеси табышмак, ошонусу менен кызыктуу. Аябай жоопкерчиликтүү. Балдарым менен чогуу аны күтүп, сыйлап турабыз. Уулубуз Эруланды абдан жакшы көрөт. Кыскасы, жакшы ата деп айта алам. Мени да эч качан капа кылбай, көӊүлүмдөгүнү издеп, маанайымды көтөрүүгө аракет кылганын көп байкайм. Татаал, оор мүнөзү да жок эмес. Аны мен эмес, көптү билген, көптү көргөн адамдар да түшүнүүсү кыйын экенин айтышат. Албетте, бул дагы анын өзгөчө бийик сапаттарынын биридир. Көп нерсеге көзү жетет. Ага «сен врач болсоӊ абдан мыкты врач болмоксуӊ» деп айтып калам. Нуржамал Жийдебаева, "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|
Тан айтпай уйлонгону жакшы болгон экенда чиркин небере коргонгода жетишип кетти.