БИР БҮРКҮМ: СВЕТТИН БААСЫ КӨТӨРҮЛБӨЙТ...
№909 7-13-май, 2020-ж.
- 10-майга чейин өлкөдө жаан-чачын болот.
- Быйылкы жылы Ош облусунда айыл чарбасын каржылоого 135 миллион сом насыя берилгени айтылды.
- Өлкөдө калктын 7,4 пайызы гана турак жайын камсыздандырды.
- Бишкек мэриясы: “Ак-Өргөө конушуна клиника жана “Тез жардам” станциясы курулат”.
- Ош облусунун аймагында мал базарлар 21-майдан тарта иштеп баштайт.
- Өлкөдө табигый кырсыктардын алдын алууга бир жылга орточо 400 миллион сом талап кылынары айтылды.
- Төрага Дастан Жумабеков депутаттарга “жыйында бет капчан отургула” деп эскертти.
- Өлкөдө 6-майга карата коронавирустан каза тапкандардын саны 12 адамга жетти.
- Өкмөт: “Быйыл электр энергиясына баа көтөрүлбөйт”.
- Бишкекке ысык суу берүү 1-июнда токтотулары күтүлүүдө.
- 6-майга карата өлкөдө 28 592 адам үй карантининде отурганы айтылды.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Бизде бузулган 1 тик учак жана 4 кайык бар
- Каржы министрлиги: 2020-жылдын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын бюджетинин тартыштыгы 37,7 миллиард сомду түзөт.
- Саламаттыкты сактоо министрлиги: Коронавируска байланыштуу Чаткал районунда абал курчуду.
- Бишкек шаарындагы бардык оргумалар оңдоп-түзөөдөн өткөнүн мэрия кабарлады.
- Кыргызстан Өзбекстандын суу сактагыч дамбасынын жарылышынан жабыр тарткан тургундарына гуманитардык жардам жиберет.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0