БИР БҮРКҮМ: ОКУУ ЖЫЛЫ 30-МАЙДА АЯКТАЙТ...
№910 14-20-май 2020-жыл
-
11-майга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 970 миллион метр куб суу бар.
-
Парламент 2019-жылы 46 эл аралык макулдашууну ратификациялаганы айтылды.
-
Кыргыз өкмөтү Орусиядан жаратылыш газын арзандатууну суранды. Учурда эл газдын 1 метр кубуна 15 сом 59 тыйындан төлөйт.
-
Жыл башынан бери “жумушсуз” деп каттоодо турган 25 миңден ашык жаран иш менен камсыздалганын министр Улукбек Кочкоров билдирди.
-
Чет өлкөдөн мекенине кайтууну көздөгөн 8712 Кыргыз жараны бар экенин 12-майда ТИМ өкүлү билдирди.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: 2019-2020-окуу жылы 30-майда аяктайт.
-
Өкмөт: 2016-2019-жылдары өлкөнүн ички дүң продукциясы 20 пайызга өстү.
-
Ош шаарында коомдук транспортторду 21-майдан тарта ишке киргизүү пландалууда.
-
14-17-май күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору экенин ӨКМ эскертти.
-
Өлкөдө аскердик кызмат өтөөгө чакыруу башталат.
-
Өлкөдө 25-марттан 10-майга чейин коменданттык сааттын талаптарын бузган
5027 жаран кармалып, анын 1399уна айып салынса, 3628 адамга эскертүү берилди.
-
Тышкы карызды төлөөдө жеңилдик берүү боюнча Кыргыз өкмөтү Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
-
Бишкекте бет кап тагынбай жүргөндөргө 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып салынары айтылды.
-
Өлкөдө эпидемия башталгандан бери кош бойлуу 14 келин коронавирус жуктуруп алган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-4