БИР БҮРКҮМ. ПРЕМЬЕР ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨ ЧЫКТЫ...
№912 28-май 3-июнь 2020-жыл
-
Бишкекте сейил бактар 2 айлык карантинден кийин кайра ачылды.
-
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
-
Патрулдук милиция: “Бишкекте 1 аптада 4410 жол эрежесин бузуу фактысы катталды”.
-
Бишкек-Ош жолундагы Көк-Бел ашуусунан 25-майда жеңил унаа ылдый кулап, 4 адам каза тапты.
-
8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында ок тийген жоокерлердин бирине Москвадан операция жасатуу пландалууда.
-
Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөрүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
-
Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев кызматтан кетти.
-
Парламенттин тийиштүү комитети өлкө бюджетин колдоого Азия өнүктүрүү банкынан 25 миллион доллар кредит, 25 миллион доллар грант алуу макулдашуусун жактырды.
-
26-майда чартердик каттам менен Москвадан Бишкекке 393 Кыргыз жараны учуп келди.
-
Башкы прокуратурада ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча атайын бөлүм түзүлдү.
-
Улуттук банк: “Үстүбүздөгү жылдын 3 айында мигранттардын акча которуусу 19 пайызга азайды”.
-
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” аттуу өкүлү “зордуктоо” беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылды.
-
26-май күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасын белгисиз бирөөлөр атып кетишти.
-
Ысык-Көлдө үй карантини шартын бузган 3 адам обсервацияга алынды.
- Сокулук районундагы Восточное көлүнө 20 жаштагы жигит чөгүп кетип, каза болду.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-4