Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
СЕНДЕН КИЙИН... (ЭКИ АЯЛДЫН ТАҢ КАЛЫЧТУУ ТАГДЫРЫН БАЯНДАГАН СЕРИАЛ)№912 28-май 3-июнь 2020-жыл
Обдулуп көрдү. Тура албады. Зылдай оор сезилди денеси, чындыгында 5 айдан бери ооруп жатып чүкөдөй эле болуп калган эле. Ошентип жатып уктап кетиптир. Түшүнө Искендер кирди. – Мени кечир, мен айта албадым. Айтпайт дагы болчумун. Болгону мен өмүрдү сактап калгым келди. Мен анын өмүрүн сактап калуум керек эле. Же сени, же аларды чечүү керек болчу. А мен чече албадым. Улам артка жылдыра бердим. Айтурган бир нерсе дей турган болду, бирок тили күрмөөгө келбей койду. Ошентип жатып ойгонуп кетти. Эртең менен турса баласы керебетинде өзүн карап отуруптур. – Апа, мен... – Тамагыңды ичтиңби, балам, окууга барасыңбы? – Мен сага кантип айтарымды билбей жатам. – Айт, айтагой. – Мен кеткени жатам. – Кайда? – Чет өлкөгө, Америкага. Чика досум бар го, ошол чакырып жатат. Чогуу иштейбиз дейт,- баласы көзүн ала качты. – Азырбы? Мен кантем? Мени бул абалда таштап кетесиңби? Менин сенден башка кимим бар, балам?- аял ыйлабаганга аракет кылды. Бирок болбой эле көздөрүнөн тамчылар кулап жатты. – Мына, кайра баштадыңыз. Сиз менен эч нерсени сүйлөшкөнгө болбойт. Атам болсо... Аял эрдин кесе тиштеди. Башкасынан да ушул эки ооз сөз жүрөгүн өрттөп кетти. – Сен мени күнөөлөп жатасыңбы? – ... – Мени кара, Эрбол, атаңдын өлүмүнө мени күнөөлөп жатасыңбы? – Анан ким күнөөлүү? Сен токтоороок болгондо, рулду атамдан талашпаганыңда атам өлмөк эмес. Сен минтип жатып калмак эмессиң. Болбогон бир кызганычтын айынан бүтүндөй бир үй-бүлөнү жок кылдың. – Чык, бөлмөдөн! Чык дейм!- деди аял каардуу. – Мен макулдугумду берип, документтеримди тапшырып койдум. Баары бир кетем!- деди уулу. – Жогол! Уулу чыгып кетти. Ал эки жумадан кийин чет өлкөгө учуп кетти. Айтурган мурун өзүн жалгыз сезип жүргөн экен. Чыныгы жалгыздык эми башына келди. Үй жымжырт. Каралашкан кыз келет, бир сыйра тамагын берип, ийнелерин сайып, алдын тазалайт да кайра кетет. Кечинде дагы бир маал келет. Акыркы күндөрү адамдын добушуна зар болду. Шырт деп ачылган эшиктин үнүнө, адамдардын кобур-собуруна, ашканадан чыккан идиш-аяктын үнүнө зар болду. Болгон эрмеги эми күндөлүгү болуп калды. – Биз бир көргөндөн баштап башыбызды жоготтук. Айрыкча мен. Сени сүйбөй койгонго мүмкүн эмес эле. Бойлуу, кара каш, кара көз, акылдуу, токтоо, жоопкерчиликтүү жигитти ким болсо да меники болсо демек. Өзүңдүн курсуңдагы кыздарды билбейм, бирок биздин кыздар коридордон өтүп баратсаң шилекейлери куюлуп артыңдан карашчу. Ак халат сага ушунча жарашчу эле. Бирок сен мени сүйдүң. Билбейм, эмнем менен тартып алганымды, бирок мени катуу сүйдүң. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, анан ата-энелерибизге баш кошобуз дедик. Атам алгач уккусу да келген жок. Көзүнө баскан жалгыз кызын кайдагы Ат-Башыдан келген, атамдын сөзү менен айтканда, “колхозчунун баласына” бергиси келбеди. Апам андан бетер каалаган жок. Сен алар каршы болорун билип эле жүрчүсүң, ошондуктан мага “өзүм сүйлөшөм” дедиң. Сүйлөштүң. Сени көргөндөн кийин атам менен апам тынчып калышты. Элди ынандырганга ар дайым күчүң жетчү. – Айылдан келген балага эч окшобойт го. – Тарбия көргөн, акылдуу бала экен. – Курал, бул бала көпкө барат, кызыбыз бактылуу болот. Ата-энем өздөрүнчө бактылуу болуп сүйлөшүп жатканы азыр да кулагымда. Аттиң, жалгыз кызы минтип жарым жан болуп, ээн үйдө жалгыз каларын кайдан билишти? Ишенген Искендер алардын кызын жолго таштап, кыянаттык кыларын кайдан билди? Эмнени жазып жаттым эле? Аа, биз баш коштук. Менден өткөн бактылуу адам жок эле. Турмушубузду кичинекей бир керебет баткан батирден баштадык. Эки кашык, бир табак менен баштадык. Атам үй алып берейин деди эле, Искендер караманча болбой койду. “Күч күйөө боло албайм, Айтурган. Ата-энеңдин жалгыз кызысың, бирок мен кайнатам алып берген үйдө жашабайм. Бул менин биринчи жана өмүр бою кала турган талабым. Мен экөөбүз үчүн бүт баарына жетишем. Көрөсүң го” дедиң. Мага эч нерсенин кереги жок эле. Дүйнөдө сен болсоң болду, калган кыйынчылыктардын баарына туруштук бере алмакмын. Анын үстүнө кичинемден акча, тыйынга кароолугум жок эле. А сен сөзүңө турдуң. Тез эле медицина дүйнөсүндө атың чыгып, хирург Искендер Мусабеков деген ат ар кимдин оозунда болуп калды. Алгач бир бөлмөлүү батир алдык. Эрбол анда кичине эле, эмеректерден жалгыз уулубуздун керебети бар болчу. Жаңы алган үйүбүзгө керебетти коюп алып аябай сүйүнгөнсүң. Ал керебетти да сен өз колуң менен жасаган элең. Андан кийин чоңураак үй алдык, кийин дагы алдык. Бутубузга турдук. Сен көкөлөй бердиң. А мен сенин жаныңда көлөкөңдө болгонум үчүн эле сүйүндүм. Эгерде жер жүзүндө бактылуу он түгөй болсо, ошонун бири экөөбүз элек. Хм, бул чындыкпы? Иллюзия эмеспи? Балким, мен муну көргүм келген үчүн гана көргөндүрмүн. Балким, биздин жашообуз да башкалардыкындай кир, ыплас, алдоо, бири-бирибиздин көзүбүзгө чөп салуу болуп жүрбөсүн? Кантип адам чейрек өмүрүн эч нерсени байкабай өткөрүп жиберет? Айтурган күндөлүк жазып жатып чарчаганын сезди. Кимдир бирөө эшикти ачып киргендей болду. – Ким бул?- деди ал үнүн катуу чыгарып. Жооп болгон жок. Ууру болуп жүрбөсүн? Жардамчы кыз кирип келип үнүн чыгарып амандашчу эле. Башка окшойт. Үйдүн ачкычы дагы кимде бар? Бир гана ошол кызда болушу мүмкүн. Босогодогу адам үн чыгарбай күтүп тургандай. Аялдын чыдамы кетип калды. – Эрбол!- деди ал. Балким, уулу кайтып келгендир. Балким, жолдун жарымынан апасын таштай албаарын сезип кайтып келгендир. – Уулум!- деди ал жан далбастай. Дагы деле үн каткан адам болбоду. – Сен кимсиң, ия? Эмне жашынмак ойноп жатасың? Сен кимсиң?-деп бакырып жиберди. Ошондо гана эшик ачылып, босогодон жаш аял көрүндү. – Сенби?- деди Айтурган таң кала. Таң калган да эч нерсе эмес, заматта көкүрөгү буркан-шаркан түшүп кетти. Жеп жиберчүдөй карады. Жанында жарыкты өчүрүп күйгүзө турган узун таягы бар эле, жанына күч келе ошону сермеп калды. – Жогол!- деп чаңырды ал өзүнө ээ боло албай. Тиги аял солк деген жок. Турган ордунда тура берди. Көздөрүн албай, мөлтүрөп тиктей берди. Ушул көздөрдү канча жолу көрдү түшүндө? Жаны кыйналып жатып канча жолу жек көрүндү ушу көздөрдү көрдү. Миңби? Андан ашыкпы? Колуна тийсе чайнап жеп коё турган аял алдында турат. Бирок өзү эч нерсе кыла албайт. Азыр тапанчасы болсо ойлонбой туруп башка атып, кийин өзүн атып өлтүрмөк. – Табалаганы келдиңби? – Жок... – Эмнеге келдиң анда? – Искен байкенин айрым кийимдери... Ошолорду алып келдим,- деди ого бетер жанын чыгарып. Оозунан сөзү түшкөн боюнча отуруп калды. Бул кезигүүнү минтип ойлогон эмес. Жок дегенде күнөөлүү болуп көзүн ала качат деп ойлогон. Бир үй-бүлөнүн убалына калдым деп өзү менен өзү калганда кыйналаттыр деген. Жок, бул аялдан эрегиш туйду. Мөлтүрөгөн узун кирпиктүү көздөрү сүзүлүп аны шылдыңдап тургандай сезилди. – Чык эшикке, жогол!- деди калчылдап. Тиги аны жай гана тиктеп туруп бурула берди. Эшик аста жабылганын сезди. Ошол күнү кандай болсо да бул аялдан өч алууну пландады Айтурган. Бирок кантип өч алууга болот? Азыр ал кимдир бирөөнүн жардамына муктаж болуп турганда кантип бул аялдан өч алат? Башы ооруп чыкты. Телефонун алып курбусуна чалды. – Салам, Мариш!- деди үнүн көңүлдүү чыгарганга аракет кылып. – Айтурган, сенби? – Мен. Өзүн тиги дүйнөдөн сүйлөп жаткандай сезген курбусуна таарынарын билбей же пендечиликке шылтаарын билбей турду. – Кандайсың, ден соолуктар? – Жакшымын, сагындым сени, жолукпайлыбы?- деди Айтурган. – Аа, макул, жолугалы. Мен сага барам. – Жок, мен өзүм барам. Биздин кафеге, саат 7де жолугалы. – Кайсы күнү? – Эртең болобу? Курбусу бир аз буйдала түшкөндөй болду. Бирок аягында макул болду. Эртеси Айтурган жардамчы кыздын жардамы менен жуунуп- таранып баштады. Күзгүнүн алдына келгенде өзүн биринчи жолу көргөндөй таң кала түштү. Бул Айтурган эмес болчу. Каткырыгы таш жарып, жашоону толо жашаган, жылмайганы ууртунан кетпеген аял эмес болчу. Айтургандын көлөкөсү эле күзгүдөн карап тургандай сезилди. "Сенсиңби?" деди өңү өчкөн, купкуу аялды карап. Акырегиндеги чыгып турган сөөктөрүн, шөлбүрөп калган көйнөктөрүн карады. Көйнөгү эч жарашпай турду. Жини менен жардамчы кызга кыйкырды. – Чеч. Жан талашып төшөгүнө жетти. Эч кимди көргүсү келбеди. Көздөрүндөгү жашты көрсөтпөй, жардамчы кызды кете бер деди... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Dikowka93
![]()
01.06.2020. 22:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эчкимдин башына мындай тагдыр жазбасын
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|