БИР БҮРКҮМ: БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ БЕРҮҮ ТОКТОТУЛДУ...
№913 4-10-июнь, 2020-ж.
-
Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирустан жабыркагандарды жаткыруу үчүн жакында ачылары айтылды.
-
Укук коргоочу Камил Рузиев жасалма документтерди жасоого айыпталып кармалып, 2 айга үй камагына алынды.
-
Бишкекте ысык суу берүү 1-июнда бир айга токтотулду, себеп – оңдоп-түзөө иштери.
-
Алайда балык уулоого барган адам токко урунуп каза болду, анын кайырмагы электр чубалгысына тийип ток урган.
-
Жогорку Кеңештин комитети Конституциялык палатанын судьялыгына Жамил Шаршеналиевдин талапкерлигин колдоду.
-
Башкы прокуратура: 2019-жылдын башынан 2020-жылдын 1-апрелине чейин сотко балдардын укугун коргоо боюнча 98 доо арыз түшкөн.
-
3-июнга карата өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 20га жетти.
-
Орусияда курулушта иштеген 2 кыргыз жараны 25-майда имараттан кулап кетип, бири каза болду.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: “Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат акысыз берилет”.
-
УКМКнын төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбетов кызматынан бошотолду.
-
Чиновниктерди коррупцияга айыптап чыккан “Чоң казат” кыймылынын лидерлери ИИМге суракка чакырылды.
-
Өлкөбүздөгү ооруканаларда өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу 649 аппарат бар экени айтылды.
-
Өлкөнүн энергетика тармагына алынган кредиттер боюнча карызы 110 миллиард сомго жеткенин “Улуттук энергетикалык холдингдин” башчысы Айтмамат Назаров билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-2