Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Майрамбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «САХНАДА БАТИНКЕМДИН ЖЫРТЫГЫН КӨРСӨТПӨЙ ЖҮРҮП ЫРЧЫ БОЛГОМ»№914 11-17-июнь 2020-ж
- Баары эмнеден башталды? Адегенде эле өнөр устачылыктан башталды. Балалыгым Токтогул районунун Толук айылында өттү. Бир күнү зымдан машине жасадым. Ортосуна чырактын билигин коюп алып кадимкидей эле дөңгөлөгү айланып жүргөн оюнчук жасагам. Ошондо 5-6 жаштардагы бала экем. Чыгырыктарды заводдукундай жасачумун. Бул чыгармачылык да. Кичине кезимде Темиркан деген агам айылда Маданият үйүнө жетекчи болуп калды. «Аккордеон алып кел, үйрөтөм» дейт. Жүгүрүп жөнөйм, ушул аспапка аябай кызыктым. Башым аккордеондон бир аз эле чыгат. «Атасы кеткен согушка, кайрылып кайра келген жок» деген ырды биринчи үйрөндүм. Экинчи үйрөнгөн ырым – «Көгүчкөнүм, карегиңден кагылайын» деген ыр эле. Ушу эки ырдын обонун ойногонду үйрөнүп алып, ааламга батпай калдым. Аккордеондун оордугун да сезбей, кайда болсо көтөрүп жүрмөй.
Атам 39 жыл темир уста болуп эмгектенген, кийин көзүнө темир тийип, сол көзү көрбөй калган. Бир күнү атамдын темирлеринен уурдап, түптүз кылып өзүмө эстрадалык барабан жасап алдым. Нурбек деген агайыбыз аккордеондо ойночу, мен туруп алып жанында барабан чертчү элем. Ырчылыктын башаты ошол болду. Ал эми куудулдуктун башаты тууралуу айта кетсем, айылда Казак деген тууганыбыздын байбичеси бар эле. Анын Элзар деген небереси бар болчу. «Ай, Элзарды көрдүңөрбү? Өлүгүңдү көрөйүн, Элзар жок» деп эле аны издеп жүрө берчү (кемпирдин үнүн туурап). Анан ошол чоң апамды туурай баштадым. Айылда чекесинен үндөрүн туурап, мугалимдерге чейин өтүп кеттим. Анан арыздар түшө баштады. «Кыпчактын баласы элдин баарын туурап жатыптыр» деп арызданып келишет. Атам менен апамды өзүндөй кылып туурап берип, экөөнү тең күлдүрүп, таяк жебей калганым эсимде. 7-8-класстарда мектепте өткөн сынактарда аккордеон ойноп жүрдүм. Кийин акча таба баштадым. Агамдын аккордеонун уурдап кетчүмүн. Түнү менен тойлордо жүрүп, апам ойгонгуча келип калчумун. Бир жолу тойдон 62 рубль таптым, ал кезде бул чоң акча эле. Таң атпай келип жатып калайын десем, апам туруп жок экенимди көрүп, чыбыгын камдап туруптур. Чыбыкка жеткизбей эле 6 метр калганда «апа, акча таап келдим» деп 62 рублду көрсөттүм. Чыбыкты ыргытып жиберип эле мага жалынып кирди. «Садагаң болоюн, акча таап, чоңоюп калган тура» деп төшөк салып берип, урматтап, сыйлап жаткырып койду. Жыргап уктадым, 62 рублдун кадырын карап кой (күлүп). Мектеп курагында бизди окутпаптыр деле, дагы жакшы, ушунча киши болдук. Чөпкө айдап, кийин картошка терип, кыш башталганда гана окуй баштачубуз. Ошол чөп чабыкка бара жатканда эжемди алдыга бастырып, «Жумамүдүн Шералиев келе жатат деп коюңузчу» деп аркасынан аспап чертип, дал ошондой туурап кирчүмүн. Балалык кыялымда «элге Жумамүдүн Шералиевдей таанылсам, ак машине минсем, элге белгилүү болсом» дечү элем. Белгилүү да болдум, ак машине да миндим. ![]() Айылдан келип, Токмок шаарындагы музыкалык орто окуу жайдын дирижёрлук бөлүмүнө тапшырып, өтүп кеттим. Ошол жерден өнөрүм өстү, алгачкы обондорум, ырларым жаралды. Каракол, Токмок сыяктуу кичине шаарларга тааныла баштадым. Бир күнү жатаканада отурсам эле мени бирөө издеп келиптир. «Атым Сатылган, Асанкалый Керимбаев менен концерт бергени келгенбиз. Ушу жерде токтогулдук Майрамбек деген жигит аккордеонду катыра ойнойт деп уктук» деп чакырып, мени мейманканага алып жөнөдү. Эми ал кезде Асанкалый Керимбаев деген эмне деген ысым эле? Карасам так мени көздөй келе жатат, сүрдөп, колу-бутум титирей баштады. «Токтогулдан болот турбайсыңбы, өзүмдүн балам экенсиң. Бүгүн өнөрүңдү бир көрөйүн» деди. Ал киши өспүрүмдөрдү тарбиялап өстүргүсү келген окшойт, мени угуп, атайын издептир. Ошол күнү чоң сахнага чыктым. Канча адам турганын деле билбейм, алды жагымды карабайм, сол жагымды карайм. Ал жакта Асанкалый агай чай ичип отурат, колун көтөрүп баш бармакты көрсөтөт. Ансайын мен тарсылдап ырдайм. Концерттен кийин мени Асанкалый Керимбаев үйүнө алып кетти. Эки жыл колунда жүрдүм. Улуулук деген ушу кишилерде болсо керек, болбосо ал мени үйүнө алып келип, эки жыл баккыдай ким элем? Өз балдарына бир кашык кумшекер салып берсе, мага эки кашык салып берип, аялы экөө тең жакшы карашты. Мен азыр үйүмө бирөөнү жетелеп келип жашатып, ырдата аламбы? Мурун көңүлү түшүп калган өспүрүмгө дасторкон үстүндө «ме, балам, мендей бол» деп аксакалдар устукан берчү эле. Азыр «могуну жеңеңе узатып койчу, балдарга салып койсун» дешет. Адамзатында мээрим түгөндү. Улуулукту да, талантты да көрө албай калган заманда жашап жатабыз. Нураалы Турапов деген режиссёр байке бар эле, каза болуп калды. Ыраматылык ал киши Асанкалый Керимбаевдин жакын досу болчу. Асан аке мени «Мыскыл жана тамашага» чыгарам деп ошол аркылуу биринчи жолу катышкам. Ага чейин тар чөйрөдө Аскар Акаевди туурап жүрчүмүн, анан «Ак кеме» деген ырым жакшы чыгып жаткан. Ошол экөөнү аткармак болдум. Ал кезде өлкөдө «Мыскыл жана тамашадан» башка чоң концерт болчу эмес. Эл толтура. Үстүмдө ак костюм-шым, аны да Абидин Темиров берген. «Тарыхый, маданий...» деп Акаевди туурап келе жатып эле сүрдөп кетсем болобу?! Оюмду таппай эле кайсалактап өзүмдү жоготуп койдум да, сахнанын сол тарабын көздөй кирип кеттим. Асанкалый Керимбаев «мындай болсо айылыңа кетирем, чык кайра!» деп өпкө талаштыра бир урду. Сахнага кайра чыктым да, аягына чейин элдин боорун эзип күлдүрдүм. Артынан ырымды ырдадым. Анан «Мыскыл жана тамашаны» телевизордон күткөнүмчү. Программа деле бар болчу, ошондон карап койбоймунбу. Күндө түнкү саат үчкө чейин телмирип телевизорду тиктеп отурам. Чындыгында Асанкалый Керимбаев өнөрүмдү калыпка салды. Обон чыгаруу эрежесин бир аз үйрөндүм. Биринчи кайрыгы жакшы чыкса эле кийин «ушул жетет» дегендей таштап коюшат. Жалкоолонбой, кынаптап кыш койгондой обондун үстүнөн иштеш керек. Асан акеден сөздүн тереңдигин баалаганды, «анан барып үйлөндүм, анан барып үй салдым, анан барып түзөлдүм» деген орсок-терсек саптарды иргегенди үйрөндүм. «Өзүмчө ырдап көрөйүн» деп Асан акеден 1993-жылы кеттим. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун дирижёр бөлүмүнө тапшырдым. Бир күнү ток, бир күнү ачка жатаканада жашаган студенттик күндөр. Акча аз, жашоо катаал. 1992-жылы Куудулдар театрына кирип калдым. Медербек Кадыршаев, Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов, Абидин Темиров деген мыктылар менен иштешип калдым. «Орто-Сай» базары жакта Каныкей Эралиеванын үйү бар эле. Бир күнү курсагым ачып, уятты жыйыштырып үйүнө бардым. Бир жакка кетип жатышыптыр, эже «ай, Майрамбек, бул айранды ичип, нанды жеп алчы» деди. Нанды күрмөп, айранды шаша-буша ичип жатам. Кетеримде Каныкей эже «обон чыгар» деп бир ыр берди. Ал Надырбек Алымбековдун «Периштем» деген ыры экен. Барып эле ямаха менен тыңкылдатып обон чыгардым. Эртеси эле Райхан Абдувалиевага жолугуп калдым, ал радиодо иштечү эле. «Обон чыгардым» деп угузсам, шак эле «мага бер» деди. Жаздырып, радиого бердик, 4 күндөн кийин эле элге тарап кетти. Бир айдан кийин эле базарда жаңырып калды. Ал кезде базарларда Чубак Сатаев менен Бек Борбиевдин эле ырлары жаңырып турчу. Анда-санда меники сыяктуулар да кошулуп калчу.
Кийин Надырбек Алымбеков ушул ыр үчүн ыраазычылыгын билдирип, 10 килем белек кылган. «10 бир тууганым бар» десем, ар бирибизге бирден килем берген. Ошол кезде ал килем комбинатынын жетекчиси эле. Кийим тиктирип кийүү менен деле ишибиз жок. Продюсер, менеджериң жок, өзүң эле топту жармай. Каатчылык, жыртык батинке менен сахнага чыгып, жыртыгын көрсөтпөй ырдап жүрүп элге таанылдым. Асанкалый Керимбаевден кийин Кубик Калыков «Бекти чыгардым, эми сени чыгарам» деп ырларымды жаздырып берген. Чын жүрөгүнөн ошо жардам берди, ага Кудай узун өмүр берсин. Урунуп-беринип жүрүп жолун таптык окшойт. Студент кезимде тамадалык кыла баштадым. Өзбек ажы «бул жакта Мыктыбек Арстанбек тойду окшоштура албай жатат. Тойду кызытчы» деп чалып калды. Барсам чын эле эптей албай жатыптыр. «Андижанский польканы» койдум да, тапыратып бийлетип, тойду алып бара баштадым. Элди көргөндө менин тилим өзүнөн-өзү ээлигип, токтоно албай калат. Сом жаңы чыккан кез эле, 10 сом берди. 3 сомуна курсак тойгузуп, 7 сомуна дары алдым. Элдин көзү деген жаман болот экен, катуу ооруп калгам. Атайбек Бөдөшов көп дем берди, «сенден чыгат, сен тамада болушуң керек» деп катуу түртмөлөгөн. Ошентип илешип жүрүп тамада болуп иштеп, кээде талашка түшүп калган кезим да болгон. Ырчылыгым, обончулугум, куудулдугум, аспапта ойногонум, сүйлөгөнүм, баары биригип алдыңда турган Майрамбек деген ысымды жаратты окшойт. Башында ырларым оор чыгып калды. «А балким, бүгүн бармын, эртең жокмун» деген сыяктуу ырларым мааниси, обону төп келип турса да, заманга жарашпай калды. Заман анда «Таң чолпон жылдызым» деп жер тепкилеп бийлеген музыкага суусап, сурап турган кез болчу. Обондорум оор болгону Асан акемдин таасиринен болду окшойт. Чыгармачылыктан көп жыл жоголуп кеткен учурум да болду. Турмуш шартты оңдоп алыш үчүн тамадалыкка ооп кеттим. 27 күн катары менен той башкарган учур болду. Тикеңден тик турасың, сүйлөйсүң, чарчайсың. Анан качан обон чыгарып, ыр жазасың? Чыгармачылык өлүм менен бакыт сыяктуу. Качан келерин, качан кетерин билбейсиң. Кыйраттым деп деле айтпайм, бир-эки көңүлүмө жаккан ырларым, обондорум бар. Эл сүйүп укса, демек, бул менин экинчи өмүрүм. Табылды Актанов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: – Майрамбектин өзүнөн мурун атын тааныгам. Обондору чыга баштады го, ошондо эле «улуу жолду улаган кыргыздын чыгааны келе жатат» деген элем. Үнүндө элдик колорит бар. Саламдашып жүрчүбүз, кийин «Шайыр апалар» сынагында калыстар тобунда чогуу отуруп калдык. Ошондон баштап мурунтан тааныштай тил табышып кеттик. Эми Майрамбек баламдай куракта. "Жашым улуу болгону менен, жаным курбу" деп коёт го, ошол сыяктуу жакынбыз. Кээде классташ болуп кетебиз (күлүп). Жашоомдо көп залкар адамдарды көрдүм, атүгүл алардын да кээ бир обондору чала болуп калган учурлар болот. Майрамбектикин байкасам, мурунку обондоруна караганда кийинкиси сөзсүз түрдө терең, уккулуктуу болуп келе жатат. Чүргөй салып эле мына деген обончуларга караганда обонду ийлеп, түздөп, оңдоп, жылдап иштейт. «Сонун эле болуптур» десең да кээде көңүлүнө жакпаса, обондорун жарыялабай коёт. Аңды-дөңдү карабай жүргөнү менен, ичинде бир терең нерсе жатат. Энесинин ичинен кандай түшсө, дал ошондой мүнөздө келе жатат. Майрамбектин бир да жолу кайгырганын көргөн жокмун. Кээ бир жоруктары Апендинин жоруктарындай эле. Адамды мактаганда да, сындаганда да чучукка жеткире сарказм менен айтып салат. Жанындагы киши ачууланып жатса да күлүп жиберет. Токтогулдун Кетмен-Төбөсүнөн Бекназар деген куудул чыккан. Ал атты, уйду, күчүктү, мышыкты, деги койчу, көзүнө көрүнгөндүн баарын өзүндөй туураганы менен аты чыккан. Ошол аталарынан өтсө керек. Чыныгы талант бир нече өнөр менен коштолот. Рыспай Абдыкадыровду эл обончу катары тааныйт. Бирок ал өлгөн кишини күлдүрүп жиберчү куудул да болчу. Майрамбек да ошондой, төрт тарабы төп келишкен талант. Өмүр берсе кыргыз элин дагы бир дүңк эттирет бул. Атайбек Бөдөшов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: – 1992-жылдары Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы Куудулдар театрында иштеп жүргөндөн баштап Майрамбекти жакшы билем. Аккордеондо жакшы ойнойт. Жаңы келгенде тартынчаак болчу, кийин биздин таасирибизденби, аябай өзгөрдү. Токмокто окуптур, аны деле аягына чыкпаган окшойт, бирок нота менен тааныштыгы бар эле. Менден бир нерселерди сурачу, анан Абидин Темировго кайрылчу. Байкасаң, азыр деле аспап ойногонунда Абидиндин техникасы байкалып турат. Ар бир аккордеонисттин «почерки» болот эмеспи. Обончулугу ошондо байкалды, куудулдугу көп билинчү эмес. Анткени мен-мен деген куудулдар бар эле. Майрамбектин бир өзгөчөлүгү – бир нерсени карап туруп тез үйрөнгөнүндө. Улам жазган обондору жакшы чыгып жатты. Баш-оту менен нотага кирип кеткен жок, антсе обондору башкача чыкмак. Өзүнүн нукура сезимин кыргыз өң менен боёп, обондорду жарата баштады. Бул анын табылгасы болду. Ал кезде «Кыргызбай Осмонов мыкты тамада» дешчү. Мен Майрамбекке бир жолу «сен муну жакында артка таштайсың» дедим. Анткени мурун элде той-топурду жарчылар алып барышчу, аларда даяр сценарий болбойт. Абалга карап эле алып кетишет. Мындай сапат Майрамбекте бар. Ал сөз жаттабайт, абалга карата төгүп кете берет. Карап туруп жамактайт. Акылдуунун баары куу болот. Биздин үйгө Майрамбек көп келип калчу. Мен Надырбек Алымбековдун ырларынын көбүн үйгө алып келип коюп, обон чыгарайын деп жүргөм. Пианинонун үстүндө иштеп жаткан кагаздарым турчу. Өзүмө караштуу ырларды белгилеп койгон элем. «Тексттерди карап чык, сен да жазып жүрөсүң, жакшы ыр кандай чыгат, кара. Бирок белги койгон ырларга тийбе» дегем. Бирок Майрамбек дал ошол белги койгон ырларды шыпырып кетиптир (күлүп). Ошентип экөөбүз тең бир ырга обон чыгарып калган учурубуз болгон. Бирок Майрамбектики жакшы чыкты. Майрамбек ушул боюнча кетсе, дагы көптөгөн мыкты обондорду жаратат. Абидин Темиров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: – Жаныбек Алыкулов экөөбүз Куудулдар театрын түптөгөнбүз. Мыктыларды бир жерге чогулткан элек. Көп ырчынын тушоосу ошол жерден кесилди. Гүлнур Сатылганова, Медербек Кыдыршаев, Элмирбек Иманалиев 15 жашында келген. Дөө-шаалардан Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов, Марат Алышбаев өңдүү ырчылардын, куудулдардын, актёрлордун башын бириктирген театр болчу. Майрамбек да алардын катарында эле. Мага бир тууган инимдей болуп калган. Таланттуу адамдар жалкоо болушат. Бирок Майрамбек аябай аракетчил жигит болчу. Майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгат. Үйгө чейин келип, чач жасалгасын мага окшоштуруп жасатып кетчү. Мурда мамлекет формаларыбызды тиктирип, чач жасалгабызды да жасатып берчү. Кийин гана өз киндигибизди өзүбүз кесип баштадык. Мен чет өлкөгө барсам, ичпей-жебей жакшы костюм-шымдарды сатып алчумун. Формам элден өзгөчө болуп турушун каалачу элем. Бир жолу бир формамды Майрамбекке кийгизип көрсөм чак келип калып, ага белек кылгам. Ал кезде батинке, байпакка чейин деле колдон-колго өтүп кеткен заман эле. Башында уяң жигит болчу, кийин ачылды. Театрда түнт адамдар деле ойгонот. Азыр мыкты обондору менен белгилүү. Майрамбекке ийгилик каалайм! Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
katerina.li
![]()
15.06.2020. 20:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялын олло жамандачы элего,ийне жибине чейин айтып.
kadam
![]()
16.06.2020. 09:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Улуу көчтү улап, мыкты обондорду жаратып, залкарлардын катарын толуктаган таланттуулардын сап башына Майрамбек Осмонов талыкпаган изденүүсү, элге алынган чыгармалары аркылуу келди.Өмүрү узун, ден соолукта болсун.
Dani
![]()
21.06.2020. 13:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары аз бирок бардык ырлары уккулуктуу жагат
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|