БИР БҮРКҮМ. АТАМБАЕВГЕ 15 ЖЫЛ СУРАЛДЫ...
№915 18-24-июнь, 2020-ж.
Орусиядагы Кыргыз элчилиги: “20-марттан 14-июнга чейин Орусиядан 9806 Кыргыз жараны мекенине жөнөтүлдү”.
-
УКМК: “Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу күнү-түнү көзөмөлдө”.
-
Бишкекте 12-июнь күнү чак түштө белгисиз адамдар банкты тоноп кетишти, шектүүлөр кармала элек.
-
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Канатбек Абдыкеримов УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалды.
-
Мамлекеттик айыптоо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү.
-
2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 592 миллион 84 миң долларды түзгөнүн Каржы министрлиги билдирди.
-
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери дыйкан-фермерлерге 2,8 миллиард сом суммасында жеңилдетилген насыя берилгени айтылды.
-
Өкмөт: “Эпидемия маалында жарандардын 70 пайызы санитардык нормаларды сактабай жатышат”.
-
15-июнда Бишкекте наабайканадан өрт чыгып, анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза тапты.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-июнда өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү.
- Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте батуттардын жана велосипеддерди убактылуу колдонууга берчү жайлардын ишине тыюу салынды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-3