БИР БҮРКҮМ. 4 АДАМ ГАЗГА УУЛАНЫП КАЗА ТАПТЫ...
№916 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
Бишкектин мэри Азиз Суракматовго коронавирус жукканы аныкталды.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Канттагы аскердик базасы боюнча келишимге жаңы нормаларды киргизүүчү мыйзамга кол койду.
-
Бишкектин ири базарлары ар дүйшөмбү күнү дезинфекциялоо үчүн жабылат.
-
Сүлүктүдөгү шахтадан газ чыгып, кырсыктан 4 адам каза тапты.
-
Интернет желесине “1-июлда митинг болот” деп билдирүү тараткан адам кармалганын ИИМден билдиришти.
-
Өзгөндө 19 жаштагы жигит селкинчектен кулап каза болду.
-
Кой-Таш окуясы: 22-июндагы сот жыйынында Асел Кодурановага, Кундуз Жолдубаевага жана Мээрбек Мискенбаевге айыптоо актылары угузулду.
-
Сибирь аймагындагы 200дөй Кыргыз студенти мекенине алып кетүүнү суранып, өкмөткө видеокайрылуу жасашты.
-
Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Эркеч-Там” өткөрүү пункту 25-28-июнь күндөрү жабылат.
-
Ушул жылдын 5 айында Ысык-Көл облусунда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сотко чейинки 190 иш тараптар элдешип алганы үчүн токтотулган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-4