
"Түшүмдө”, “Өзүңдүк болуп кала албай”, “Аялзаты” деген ырлардын аткаруучусу, кыл кыякчы
Гүлнара Сыдыкбекова оор илдет менен күрөшүп келе жатат. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келет. Учурда ырчынын өмүрү коркунучта экени айтылууда. Өзү менен байланышканыбызда, ал буларды билдирди:
– Мен 2011-жылы эмчек рагы деген оор дартка чалдыккам. Анан бирөөлөр “чөп менен дарыланып көрүңүз” деп айтып калып, корей улутундагы табыпка баргам. Бир жыл дарыландым, бирок шишик метастазга айланып кетти. Андан кийин алматылык дарыгердин көзөмөлүндө болуп, 10 жыл бою ушул дарт менен алышып келе жаткам. Кээде ал дарыгер мага келип, мен Алматыга барып жүрчүмүн. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып калды. Дарыланууга бара албай калгандан улам оору өөрчүп кетиптир. Азыр көкүрөгүмдө 5 сомдук тыйындай чоң тешик бар. Тез арада операция жасатыш керек болуп жатат. Ошондуктан кыргыз элиме кайрылып жардам суроого аргасыз болдум.
Ырчы Гүлнара Сыдыкбековага жардам берүүнү каалагандар үчүн “Элсом” номери: 0772148886
star@super.kg