Нидерландыдагы айылдардын биринде жашаган кемпирдин үйүндөгү чаң басып жаткан ваза 11 миллион 600 миң долларга бааланды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. Алыскы айылдардын биринде жашаган улгайган аял Йохан Бош ван Розенталь аттуу искусство таануучуну чакырып, үйүндөгү шкафта сакталып турган эски вазага баа коюп берүүсүн өтүнгөн.
Бош ван Розенталь чакырууга барып, вазаны көргөндө эле илгерки баалуу буюм экенин түшүнгөн. Фарфор ваза XVIII кылымдагы Кытайдын Цин династиясындагы чыгыш керамикасын жыйнаган коллекционер Гарри Граднерге таандык болгон. Искусство таануучу вазанын 1742-жылдарга таандык экенин аныктаган. Аукциончулар болсо вазаны 9-11,6 миллион долларга (болжол менен 673 042,85 миллион сом) баалашкан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
Биздин биз соседибиз даараткана учун жер казып атышып жашыл онду чооон кумура таап алышкан. Бутун боюнча чыгарып ичине суу куюп иштетип журушту. Куйоосу отуп кетип 4баласы менен кыйналып жашашчу. Биз канча айттык музейге тапшырсанар, балким жакшы эле сумма толоп берет деп. Бир куну чон баласы кичинесин урушуп жатып жанагы кумураны туртуп анысы сынып калыптыр