
Вайнер
Эмил Токтошев Инстаграмдагы баракчасына такси кызматынын жарнамасын жүктөдү. Анда жигиттер көчөдө бара жаткан кызды ала качуу үчүн унаага салганда унаасы жүрбөй калат. Жигиттер аны жүргүзүүнүн убарасын тартып жатканда каршылык көрсөтүп жаткан кыз токтой калып, такси кызматынын номерин айтат. Такси келгенде кыз жигиттер менен чогуу кетет.
Бул жарнама “ала качуу кылмышын пропагандалап жатат” деп коомчулуктун сынына кабылды. Сындардан кийин вайнер роликти баракчасынан өчүрдү. Окуя тууралуу Эмил Токтошев мындай дейт:
– Видеодо пропаганда жок. Пропаганда болорун билгенде мындай ролик тартпайт элем. Ызы-чуу кылган кыздар менен жазыштым. Алар түшүнбөйт экен. Бул тамаша иретинде тартылган ролик да. Теңелбей эле коёюн деп видеону өчүрүп салдым. Байкасаңар, роликте кыз тескерисинче ала качкан балдарды ойнотуп коёт.
Өзүм ала качууга каршымын. Бир кызды зордоп ала качып баратканын көрсөм, таяк жегениме карабай ал кызды алып калмакмын.
star@super.kg