БИР БҮРКҮМ. ОБЛУСТАР АРАЛЫК КАТТАМ ТОКТОШУ МҮМКҮН...
№918 9-15-июль, 2020-ж.
-
Бишкекте 16 жаштагы кызды коркутуп, үйүн тоноого шектелип 3 кыз кармалды.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков эпидемиялык кырдаалдан улам облустар аралык унаа каттамдарын токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
-
Дүйнөнүн 57 өлкөсүндө мекенине кайтууну каалаган 7812 Кыргыз жараны бар экенин 6-июлда ТИМ билдирди.
-
Бишкектин Ленин РИИБинин жетекчиси болуп Жеңишбек Абитов дайындалды.
-
Жалал-Абад облусунда акыркы 6 айда 138 өрт кырсыгы катталды.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: “Быйыл ЖОЖдорго жана кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт”.
-
Бишкек мэри Азиз Суракматов: "Коронавируска вакцина табылгыча себепсиз көчөгө чыкпай тургула".
-
Кемин районунда 12 жашар бала Чүй дарыясына түшүп кетип каза тапты.
-
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 8-июлда "эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин ишке чакыруу керек" деп билдирди.
-
8-июлда Түркиядан Бишкекке 326 Кыргыз жараны кайтып келди.
-
Бишкекте 15 жаштагы кызын сабап өлтүрүүгө шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
-
Патрулдук милиция: "Бишкекте 1-июлдан 5-июлга чейин 2570 айдоочу жол эрежесин бузду".
-
БШК парламенттик шайлоого карата баннерлерди жана кеңсе каражаттарын аймактарга жеткирүү кызматын сатып алууга тендер жарыялады, жалпы сумма 21 миллион 121 миң сом.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0