БИР БҮРКҮМ. ТҮНКҮ СТАЦИОНАРЛАР АЧЫЛАТ...
№919 16-22-июль 2020-жыл
-

Тышкы иштер министри
Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алганын, учурда ооруп жатканын билдирди.
-
Кубатбек Боронов: “3 айдын ичинде медицина кызматкерлерине кошумча акы катары 488 миллион 300 миң сом төлөнүп берилди”.
-
13-июлда жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-туру болуп өттү.
-
Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп Нурлан Абдрахманов дайындалды.
-
Эринес Оторбаев Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду.
-
Чүй облусунда коронавирус жуктуруп алгандарды үймө-үй кыдырып аныктоо акциясы башталары айтылды.
-
14-июлга карата саламаттыкты сактоо тармагы өпкөнү жасалма дем алдыруучу 220 аппаратка муктаж.
-
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жанкороз Каниметов 70 жаш курагында дүйнө салды.
-
Жакынкы күндөрү Бишкектин бардык райондорунда бейтаптарга жардам көрсөтүүчү түнкү стационарларды ачуу пландалууда.
-
Быйыл ЖОЖдорго бюджеттик орундарга абитуриент кабыл алуудагы босоголук балл 110 бойдон калтырылды.
-
Учурда чет өлкөдө жүргөн, паспортунун мөөнөтү бүткөн Кыргыз жарандарынын паспортторунун жарактуулугу узартылды.
-
Быйыл март айынан июлдун ортосуна чейин Орусиядан 16 581 Кыргыз жараны мекенине кайтып келгени айтылды.
-
Өкмөт: “3-июлга карата өлкөдөгү дыйкан-фермерлер 3 миллиард 765 миллион сом суммасында жеңилдетилген кредит алышты”.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0