БИР БҮРКҮМ. 31-ИЮЛЬ КУРМАН АЙТ...
№920 23-29-июль, 2020-ж
-

20-июлдан тарта абитуриенттерди ЖОЖдорго
онлайн кабыл алуу башталды.
-
БШК быйыл парламенттик шайлоого кетчү чыгымды 446 миллион 900 миң сом деп бекитти.
-
Өлкөдө 22-июлга карата коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 2478ди түздү.
-
Курман айт майрамы быйыл 31-июлда белгиленет, көп элди чогултуучу Айт намазы окулары же окулбай турганы чечиле элек.
-
Бишкек мэриясы: “Шаарда убактылуу стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда”.
-
22-июлда Стамбулдан Бишкекке 341 Кыргыз жараны кайтып келди.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: “Сентябрда мектептер кадимкидей иштей баштайт деген маалымат жалган”.
-
Сузак районунда 15 жашар кыз бир тууган агасынан көз жарды.
-
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен көз жумду.
-
Саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Каныбек Ташиев дүйнө салды.
-
Чек ара кызматкери, өзү иштеген мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу айтып чыккан Талант Аланов 21-июлда жүрөк оорусунан каза болду.
-
21-июлда Кара-Суу районунда 13 жаштагы өспүрүм жигитке чагылган тийип, ал каза болду.
-
Ушул жылдын 6 айында республикалык бюджетке салык жана бажы төлөмдөрү пландагыдан 14 миллиард сомго аз түштү.
-
Өкмөт: "Ооруканаларды кышка даярдоону күчөтүү керек".
-
Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүндө Cоvid-19 илдетине чалдыккан 55 эне дарыланууда.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0