
Обончу, аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты, доцент
Түмөнбай Колдошов Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине директор болуп дайындалды. Ал буга чейин Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил боюнча проректор болуп эмгектенип келген. Жаңы кызматка дайындалганы тууралуу ырчы буларды айтты:
– Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин директору болуп иштеп жаткан Кыргыз мамлекетине эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор Кубанычбек Осмонов ден соолугуна байланыштуу каза болуп калды. Арты кайырлуу болсун. Былтыр бул орунга вакансия ачылган экен. Талапкерлигимди сунуштап, дайындалдым. Бул 54 жылдан бери кыргыз маданиятына кадрларды даярдап келе жаткан түптүү окуу жай. Менин коомчулуктун колледжге болгон ишенимин арттырайын, окуу жайды өнүктүрөйүн, ички инфраструктурасын жакшыртайын деген жакшы ниеттерим бар. Ушул окуу жайдан мыкты музыкант-педагогдорду тарбиялап чыгарсак бул биздин сыймык. Кудай ден соолук, өмүр, жамааттын ынтымагын берсе, жасай турган ишибиз көп.
star@super.kg