
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Садыр Назаров 26-июль күнү 83 жашында оорудан улам каза болду. Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Жамал Сейдакматованын өмүрлүк жолдошу, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 1937-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик Политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп кызмат өтөгөн. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин “Туңгуч” театрынын башкы директорунун кызматын аркалаган.
"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты маркумдун өмүрлүк жары, залкар актриса Жамал Сейдакматовага, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
star@super.kg