БИР БҮРКҮМ. АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ 5-АВГУСТТАН БАШТАП ЖОГОРУЛАЙТ
№921 30-июль - 5-август, 2020-ж.
-
Июнь окуясына айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров ооруп каза болду.
-
Мэрия: “Бишкекте оору басаңдап, убактылуу стационарларга кайрылгандардын саны азайды”.
-
Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалды.
-
Өмүрбек Текебаевди райондук сотто күнөөлүү деп тапкан сот Айбек Эрнис уулунун судьялык ыйгарым укуктары токтотулду.
-
БШК: “Шайлоочу катталган жеринен тышкары добуш бере алат. Шайлоого 15 күн калганга чейин шайлоочу №2 форма боюнча арызын тийиштүү шайлоо тилкесине тапшырышы зарыл”.
-
Билим берүү министрлиги: “Абитуриенттер керектүү документтердин түп нускасын окуу жылы башталганда тапшырышат”.
-
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктоого шектелип кармалган 20 жаштагы жаран күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
-
Өзгөндө таксистти өрттөп, денесин дарыяга ыргытып жиберишкен деп шектелип 5 өспүрүм кармалды.
-
Казакстанда карантинди дагы эки аптага узартуу чечими кабыл алынды.
-
Австралияда 2019-2020-жылдагы токой өртүнүн кесепетинен 3 миллиард жаныбар жабыркаган.
-
Премьер-министр Ысык-Көлдө эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан, аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0