Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Вандык кыргыздар: «ЭҢ ЧОҢ ТИЛЕГИБИЗ – УЛУТ КАТАРЫ САКТАЛЫП КАЛУУ»

№922 6-12-август, 2020-жыл


Мекен! Топурагын басып, абасын жутуп жүргөндө анча кадырын билбейсиң. Башка жерде жашоого аргасыз болсоң бир ууч топурагына, абасына, жытына, ал тургай чымчыгынын сайраганына куса болосуң. Учурда Түркиянын Ван шаарында жашаган кыргыздар тууралуу изилдеп, баарлашып жатып кыргыз десе көздөрү чачыраган сүйүүнү сездим. Вандагы жашоо турмушту вандык кыргыз Мошал Гүвен, Абдулметин Кескин агалар баяндап беришти.

КЫРГЫЗДЫН АКЫРКЫ ХАНЫ РАХМАНКУЛ

– Тарыхта белгилүү болгондой, Кыргыз жерине орустар кирип ээлик кыла баштаган учурда ханыбыз Жапаркул уулу Рахманкулду бийликке баш ийбегени үчүн орустар куугунтукка алышат. Аны кыргыздын акыркы ханы деп билсек болот. Өзүнө таандык адамдары менен Рахманкул хан Ооганстанга барып, Памирди жердеп калат. Ал жерден да жөн жашатпай өмүрүнө кол салуулар болуп, ал элин алып Кытайга ооптур. Бир канча убакыт турганда Кытайда революциялык кыймыл башталып калып, кайра Памирге кайтканга туура келет. Ал убакта Памир эч кимге таандык эмес жер болгон экен, кийин Ооганстанга тиешелүү болуп калган. Ошондон улам мамлекет ичинде мамлекет курган Рахманкул хан деген атка ээ болгон. 1978-жылы Ооганстанга да орус бийлигинин кулачы жетип, ханыбыз өзүн жөн койбошун билип жер которо турган болот. Рахманкул хан 5000ден ашуун кыргызга хандык кылып турган экен, аксакалдарды чогултуп: «Советтер Ооганстанга да кирип келе жатат. Мени куугунтуктап жүрүшөт, соо койбойт. Мен үй-бүлөмдү алып кетишим керек. Силер да мени менен кетесиңерби? Ордуңарды суутпай калабыз десеңер, мен капа болбойм»,- деп акыл салат. Эл «сен биздин ханыбызсың, ушуга чейин элибизди, динибизди сактап келдиң, сени менен кетебиз. Сен кайда болсоң ошол жакта болобуз» дейт. Азыраак адам Памирде калып, көбү ээрчип Пакистанга өтүшөт. Ал 45-50 градус ысык жер. Кыргыздар болсо Памирдей суук жерге көнүп калышкан. Мен анда 8 жаштардагы бала элем. Чатырда жашап, ысыкта көп оорулар жугуп, эл өлө баштаган. Рахманкул хан «мындай болбойт, эл кырылып калчудай» деп Америкага жана Түркияга баш паанек сурап кат жолдойт. Эки жактан тең макул болгон кат келген. Бирок «Америкага барсак урпактарыбыз динди унутуп калышат, кыргыз деген улут тез жоголуп кетиши мүмкүн. Динибизден чет эмес жерге баралы» деп Түркияга баруу чечимин кабыл алган. Ошентип 1982-жылдын июль айларында Түркиядагы Ван аймагына көчүп келгенбиз.

ВАНДАГЫ ЖАҢЫ ЖАШОО

– Түркия мамлекети кандай жерге келгиңер келет десе «Памирдей тоолуу, айыл чарбага, мал чарбачылыкка ыңгайлуу жер болсо» деген экен. Алгач бизге арналган үйлөр бүтө элек болгондуктан, башка бир жерге барып турук алып калдык, ал жерде мамлекетке тиешелүү үйлөр бар эле. Эки кабаттуу үйлөрдө өйдөкү жагына өзүбүз жашап, биринчи кабатына малдарыбызды киргизип жашап калдык. 1987-жылга чейин ошол жакта жашадык. Үй тиричилик буюмдары, табак-чыны, тамак-ашка чейин керектүүлөрдүн баары боюнча мамлекет жардам берген. Көнүшкөндө жумуш таап, үч жылдай өз чарбабызды жүргүзгөнчө көмөк көрсөтүшкөн. Мурун Алтын-Дере деген аталыштагы жер экен, кийин кыргыздарга таандык Улуу Памир деп аталган жер бөлүнүп, ушул күнгө чейин жашап келе жатабыз.

«ЖААНБАЙ, ЫРЫСБАЙЛАР АЛМАШЫП КЕТТИ»

– Биз Памирде жашаган учурдан баштап эле улутчулбуз. Ар дайым кыргыз деген улутту сактап калуу аракетинде болдук. Силерче айтканда, патриотпуз. Башка элдерди изилдесек, алар эрте эле аралашып кетиптир. 38 жыл болду бул жерге келгенибизге, анын ичинде 25 жыл бою башка улутка кыз берип, кыз албай, кыргыздарга бөтөн кан аралаштырбай жашадык. 25 жылдан соң биздин муун окугандан кийин башка улуттар менен таанышып, баш кошуп жатышты. Муун чоңойгон сайын алаканыңа сыйбай калат экен. Учурда ысымдарыбыз да түркчө коюлуп жатат. Памирден келгенибизде Кутанбай, Жаанбай, Найманбай, Кесекбай, Ырысбай, Жумабай дегендей аттарыбыз бар эле. Кийин ысымдарыбызды которгонго туура келди. Себеби балдар мектепке барганда өзгөчө болуп, кыргыз ысымдарын жаңылыш угуп, жаңылыш айта бергенден улам керек болгон. Балдардын психикасы бузулбасын, мектепке барат, анан жогорку окуу жайына барат, кыйынчылык туудурбасын деген максат менен алмаштырылган. Кыргызча аттарыбыз коюлбай калды, коюлса да айылда гана колдонобуз, мектепке барганда расмий документке түркчө ысым жазылат. Көп учурда Манас жана Каныкей деген аттар коюлат. Эгерде Манас коюлса ал ысым алмаштырылбайт, расмий документте да ошол боюнча калат.

ХАНДЫН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ

– Атым Мошал Гүвен. 1972-жылы Памирде төрөлгөм. Түбүбүз Чоң-Алайдан болот. Чоң атам менен чоң энем 1917-жылы Алайдан Памирге кетишкен. Чоң энемдин атасы Ташбай Эмин деген киши болгон, аны «коммунист болбосоң, мына» деп айылдын ортосунда өлтүрүп коюшкан дешет. Ошол себептен бала-чакасы качууга туура келиптир. 1917-жылдан 1978-жылга чейин Памирде жашадык. Чоң энем 1990-жылы Түркияда кайтыш болду. Учурда Алайдагы туугандарыбыз менен катташабыз, кабарлашып турабыз. Алты бир тууганбыз. Аялым Каныкей кадимки Рахманкул хандын кичүү кызы. Эки уулум бар, бири Кыргыз жеринде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуйт. Учурда Анкарада жашайм.

ТОЙЛОР

– Тойлордо кыргыздын салтынын баары болбосо да, көбү сакталат. Көк бөрү, бука тартыш, кыз куумай ар тойдо ойнолот. Жуучу барат, сөйкө салынат, сөйкө салынгандан кийин кыз алынды болуп саналат. Кудаларга кулдук урмай, калың бермей, сеп камдамай дегендердин баары сакталып калган.

«ЭЛМИРБЕК КЕЛСЕ ДЕП АЯБАЙ ТИЛЕНЧҮ ЭЛЕК»

– Тээ Памирде болгон учурубузда эле радиодон мекен тууралуу кабардар болуп турчубуз. Союз маалында анча көп алака болбоду. Эгемендикти алгандан кийин жакшы эле кабардарбыз. Төлөгөн Касымбеков, Чыңгыз Айтматовдорду билебиз. Эгемендикти алгандан берки президенттерди билебиз. Ырчылардан эстрада менен ырдагандарды көп билишпейт, бирок азыркыга чейин Улуу Памирде Токтогулдун, Калыктын, Барпынын ырларын тойлордо ырдайбыз. Айтышты жакшы көрөбүз, Эстебес, Тууганбай, Замирбек, Элмирбек, Жеңишбек бизде аябай популярдуу. Саламат Садыкова, Роза Аманова, айтор, комуз менен ырдагандарды жакшы көрөбүз. Элмирбекти вандык кыргыздар аябай жакшы көрүшчү. "Качан алып келесиңер?" деп сурай беришчү, жакында каза болгонун угуп аябай ичибиз ачышты. «Курманжан датка», «Саякбай» тасмалары Стамбулда жана Анкарада көрсөтүлгөндө Вандан бери келип көрүп кеткендер болду. Ханыбыз Рахманкулдун 1990-жылы көзү өтүп кетти, ошондо бизге керээз калтырган: «Элиңерди, тилиңерди, кыргыз экениңерди эч качан унутпагыла, сактагыла» деген эле. Колдон келишинче аткарып жатабыз.

ТАМАК-АШТАР

– Тамак-аштарыбыз кыргыздардыкына эле окшош, беш бармак, оромо, каттама жасалат. Кой союлуп, боорсок бышырылат. Булар көбүнчө тойлордо жасай турган тамактар. Күнүмдүккө түрк тамактары көбүрөөк колдонулат.

«КЫЗДАРЫБЫЗДЫ ОКУТКАНГА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ»

– Аял кишилерди өтө сыйлайбыз. Айылда тойлордо аялдарыбыз ар дайым улуттук кийимдерибизди киет. Чоң шаарга келген кыз-келиндер заманбап кийинишет. Учурда кыздарыбызды көп окутуп калдык, арасында дарыгер, мугалим, жактоочулар бар. Мурун кыздарды кудалашып гана беришчү эле, эми көңүлү жактырганына ата-энеси макулдугун берет.

Абдулметин Кескин: «КЫРГЫЗ БИЙЛИГИНЕН КОМУЗ ЖАНА ТИЛ ҮЙРӨТӨ ТУРГАН МУГАЛИМ СУРАЙТ ЭЛЕК»

Коронавирус эпидемиясынын айынан Кыргыз өлкөсү оор абалда калды деп вандык кыргыздар жардам катары акча чогулта башташкан. Абдулметин мырза Стамбул мэриясында иштейт, көп нерседен кабардар билимдүү адам. Ал вандык кыргыздар тууралуу кенен баяндап берди.

– Абдулметин мырза, амансызбы?

– Аманчылык, сиздер менен байланышып жатканыбызга кубанычтабыз.

– Вандык кыргыздардын учурда саны канча, эмне иш менен алек болушат?

– Алгач келгенибизде кыйынчылыктар болду, жер башка, суу башка дегендей. Памирде ат такалап, чарбачылык кылган иштер Түркияда актуалдуу эмес экен. Ата-энелерибиз эмне иш кыларын билишпей, жаңы турмушка көнө албай бир аз кыйналышкан. Азыр айылда түркчө сүйлөшөт, кээде жашы өтүп калгандар кыргызча сүйлөп жатам деп ойлоп алышат, бирок түркчө сүйлөп жаткан болот (күлүп). Шүгүр, азыр кыйналып жашаган кыргыз жокко эсе, мамлекет тарабынан жакшы кам көрүлгөн. Учурда үч жарым миңдей кыргыз бар. Келгенде 1150 кыргыз келгенбиз. Айылда талаа иштери, чарбачылык кылышат, билим алып, мамлекеттин мыкты мекемелеринде иштеген кыргыздар бар. Түрдүү кесиптин ээлери бар. Улуу Памирде, Анкарада, Стамбулда жашашат.

– Байкашымча, кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт экенсиз, жаштар да сиздей таза сүйлөшөбү?

– Жаштар биздей сүйлөй алышпайт. 15 жаштан кичинелер кыргызча билишпейт. Ата-энесинен үйрөнгөн боюнча эле азыраак билиши мүмкүн. Бала бакчага, мектепке барып түркчө окушкандыктан, ушундай болуп калды. Бирок элдик оозеки чыгармалар бизде сакталып калган. Табышмак, ыр, эпосторду жаттатканга аракет кылабыз.

– Уруу-уруу болуп бөлүнүп жашайсыздарбы? Мисалы, бир уруу башчысына баш ийип дегендей...

– Мен билгенден 13-14 уруу бар. Бирок бөлүнүү жок, бул жөн эле санжыраны, ата-баланы билүү үчүн колдонулат. Баш ийүү боюнча айтсам, урууда сөзүн сыйлаган бир аксакал болот. Алар азыраак масштабдагы чыр-чатакты чечип коюшат. Бирок расмий мыйзамдарга баш ийип жашайбыз.

– Кыргыз жеринен сиздерге эмне жардам болсо деп ойлойсуз?

– Тилибизди сактап калуу үчүн бизге кыргыз тил мугалими керек. Жаштардын кыргыз тилин билүүсүн каалайбыз. Анан комуз үйрөтө турган мугалим болсо деп тилек кылып жүрөбүз, мурун бар эле, бирок кетип калган. «Кыргыз элинен үч мугалим алып келсек, үйүн, маянасын коюп берсеңер» деп Түркия бийлигине сунуш менен кайрылганбыз. Үч-төрт жылдан бери чечиле элек. Бирок токтоп калбай, дагы деле айтып жатабыз. Ал маянаны өзүбүз төлөп деле алып келгенге макул болчубуз, бирок расмий бийликтен уруксат берилиши керек.

– Коронавирус илдетине байланыштуу оор кырдаалда жардамга кол сундуңуздар, кубандык. Кыргыз элинин атынан рахмат айтам.

– Кыргызстаныбыз аман болсун, ушундай дүйнө жүзүн каптаган оорудан тез арада чыгып кетсин. Акча аз топтолобу, көп топтолобу, көңүлүбүздөн чыгарып берип жатабыз. Жаш балдардын акчаларын алып келишкени мени кубандырды, толкундатты. Кыргыз жерин көрбөгөн балдар мекенине салымын кошуп жатышат. Жүрөк баары бир мекен деп согот экен. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болсок да кыргыз дейбиз. Мен Кыргыз жерине көп барам. Көчмөндөр оюндарында да Түркиянын ажосу Режеп Тайип Эрдоган менен баргам. Насип болсо, дагы барам.

– Түркиянын «Тирилген Эртугрул» тарыхый сериалында кыргыздардын улуттук жабдыктары колдонулуптур, аябай сыймыктандык.

– Бул сериалды тарткан адамдар менен Кыргыз жерине барууну максат кылгам. Кыргызстаныбызды көрсөтүп келсем, чоң режиссёрлор менен тааныштырсам деп ойлойм. Бирок пандемия башталып кетип, бул план артка жылып калды. Ооба, бул тасмага биздин ат жабдыктар, боз үйлөр, жасалгалар көп колдонулду. Кыргыз жигиттери да катышты. Кыргыз жеринен келген боз үйлөрдү бизден адамдар барып куруп беришкен.

– Өзүңүз тууралуу айтып кетсеңиз.

– Стамбул мэриясында иштейм. 45 жаштамын, үй-бүлөлүүмүн, эки кыз, бир балам бар. Стамбул шаарында жашайбыз.

– Сиздерге чоң рахмат. Алаканы үзбөй, эки жакта тең аман бололу.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
10.08.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызымдан айланайын. Жакшы созунорго журогум жылыды
11.08.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аман болгула бир боорлорум. Азамат кыргыз экенин унутпагандарына.
14.08.2020. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкадан жер берели, мал багууга ынгайлуу жер деп сунуш кылышканда барбай коюшканы жаман болуптур. Америкага эле кетиши керек эле.
17.08.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка жерде журсода,журогу "Кыргызстан "деп согот. Оз жерибизде Кыргызча суйлогондон уялып журобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: