БИР БҮРКҮМ. ТҮРКИЯГА АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНДЫ...
№922 6-12-август, 2020-жыл
-
Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө керектигин эскертет.
-
Кыргыз өлкөсүндө Улуттук антидопинг борбору түзүлдү.
-
Баткенде 90 орундуу оорукананын курулушу башталды.
-
Кубатбек Боронов: "Ооруканалар жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү камсыздалбай жатат".
-
Ысык-Көл облусунун башчысы: “Санитардык нормалар сакталбаса Чолпон-Атадагы эс алуучу жайлар жабылат”.
-
Түркия Кыргызстан менен болгон аба каттамдарын жандандырды, учактар аптасына 2 жолу учат.
-
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн өлкөдө 18 437 медицина кызматкери атайын окуудан өткөнү айтылды.
-
Сооронбай Жээнбеков Ливан президентине Бейруттагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: “Колледждерге кабыл алуунун 1-турунда 22 070 абитуриент өтүнмө тапшырды”.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: “Өлкөдө 7 айда өрт кырсыктары 39 пайызга азайды”.
-
5-августтан тарта мугалимдер аралыктан окутууга даярдык көрө баштайт.
-
Бишкектеги убактылуу ачылган 7 стационар ишин токтотту.
-
Өлкө президенти Дүйнөлүк банктын Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлү менен жолугушту.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0