БИР БҮРКҮМ. ЖАЗДАН БЕРИ ӨЛКӨГӨ 25 МИҢДЕЙ ЖАРАН КАЙТЫП КЕЛДИ...
№923 13-19 август, 2020-ж
-

Кубатбек Боронов: "Коммерциялык банктардан
насыя алуунун шарттары жөнөкөйлөштүрүлөт".
-
Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягынан баштап жүргүзүлөрү айтылды.
-
Ушул жылдын март айынан тарта Кыргыз жерине 25 миңден ашык жаран кайтып келди.
-
Өлкөдө жолдорду оңдоого жана тейлөөгө бюджеттен каралган акча эпидемияга байланыштуу 570 миллион сомго кыскартылды.
-
12-августта Екатеринбургдан Бишкекке чартердик каттам менен 166 Кыргыз жараны кайтып келди.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барды.
-
Мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова 83 жаш курагында дүйнө салды.
-
Чынасыл Чыныбаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды.
-
10-августтан тарта Баткен облусунда коомдук транспорттордун каттоосуна уруксат берилди.
-
Кыргызстанга сырттан келгендерден анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт.
-
Хакасияда 12-августта жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза болду.
-
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүүгө арыз жазды.
-
Кытайдын президенти элин азык-түлүктү үнөмдөөгө чакырды.
-
Кыргызстанда виртуалдык окурмандардын саны көбөйүүдө.
-
Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0