
"Достук” командасынын мыкты оюнчусу
Майрамбек Рыспековдун 8-июль күнү башына баш кошулду. Карантиндин шартына жараша аз конок чакырып үйлөнгөн Майрамбек мырза буларга токтолду:
– Сүйүктүүм менен бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Аты Адина, Таластан болот. Менден 5 жаш кичүү. 8-июль күнү жакындарым менен барып, ата-энесинин алдынан өтүп алып келдик. Азыркы абалга жараша аз конок чакырып той бердик. Буюрса, заманбап үлпөт тоюбузду да беребиз. Албетте, сүйүктүүң менен баш кошуп жатсаң бактылуу болот экенсиң, кубанып жатам.
sport@super.kg