Айсулуу Тыныбекова: «АЗЫРЫНЧА САЯСАТКА АРАЛАШПАЙМ»
№923 13-19 август, 2020-ж
Балбан Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасы аяктаганга чейин саясатка аралашпай тургандыгын билдирди. Ал социалдык тармактагы баракчасына: "Күзүндө өлкөбүздө парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул боюнча өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерамды аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына машыгуумду баштадым. Бул оюнда чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз эмгектенип жатам. Кыргыз өлкөсүнүн желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү",- деп жазды спортчу.
Динара Акимова
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2