БИР БҮРКҮМ. АВГУСТТА 3 КҮН ДЕМ АЛЫШ БОЛОТ...
№924 20-26-август, 2020-жыл
-

Билим берүү жана илим министрлиги: “1-сентябрда ЖОЖдордо жана колледждерде
окутуу онлайн форматта башталат”.
-
Бишкекте убактылуу ачылган күндүзгү 4 стационар 18-августтан тарта ишин токтотту.
-
Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы авиакаттам 1-сентябрдан тарта жанданат.
-
Өзгөн районунун акими болуп Болот Дыйканбаев дайындалды.
-
Жаңы окуу жылында 1-класстар мектепке барып окушат.
-
Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыктар башталганы айтылды.
-
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев жүрөгү токтоп каза болду.
-
Байыш Юсупов Ош облусунун жетекчиси болуп дайындалды.
-
Кара-Суу районунда 6 жашар кызга ыплас иш-аракеттерди жасаган деп шектелип 30 жаштагы жаран кармалды.
-
Өлкөдө быйыл 29-30-31-август дем алыш күндөрү деп жарыяланды.
-
Талант Солтобаев транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Бишкекте турак үйгө кирип, үй ээсин бычак менен коркутуп, уурулук кылганга шектүү кармалды.
-
Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты.
-
"Бет кап тагынып, кол аарчы, антисептикалык каражаттарды пайдаланышы керек". 1-класстарды окутуудагы алгоритм иштелип чыкты.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0