
Сахна, чыгармачылык өзгөрүүнү талап кылат. Ырчы
Каныкей бул жолу жаңы образда. Кийинүү стили, образы менен талкуу жаратып келген ырчы жаңы образы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды:
– Эми кеп чач жөнүндө болсун. Баштан эмнелер гана өткөн жок. Кичинекей кезимде чачымдын табияттан тармал жана ачык түстө болгонуна анчейин көңүл бурчу эмесмин. Кийин чыгармачылыкта продюсерим чачыма, келбетиме кандай гана эксперимент жасаган жок. Мага да өзгөрүү абдан кызык болгон. Чогуу жемиштүү иштедик. Андан соң балалуу болгон этапта абдан кыйналдым. Дегеним, төрөттөн кийин чач түшүп, кайра өсүп, дене түзүлүшүң да өзгөрүлөт тура. Кээ бири арыктаса, кээ бири толот дегендей. Айтор, мен да толдум. Азыр кайра калыбыма келе баштадым.
star@super.kg