БИР БҮРКҮМ. ЧИНОВНИК ПАРА АЛЫП КАРМАЛДЫ...
№925 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
- Вице-премьер Аида Исмаилова парламенттик шайлоого талапкер болгону үчүн кызматтан кетти.
- Бишкекте 3 милиция кызматкери 3 килограмм алтын уурдоого шектелип кармалды.
- Алмазбек Орозалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
- Бишкекте жол кырсыгынан 7 жашар кыз каза тапты.
- Ош шаарында коронавирус эпидемиясына байланыштуу күнү-түнү иштеп жаткан убактылуу стационарлардын баары жабылды.
- Бишкек мэриясынын кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
- Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 817 310 адамга жетти.
- Ош шаардык мэриясы: "Ош шаарында той-аштарды өткөрүүгө расмий уруксат бериле элек".
- Муфтият өлкөдө жума намазын мечиттерде окууга уруксат берди.
- Билим берүү жана илим министри: “Эпидемиялык абал жакшырса, экинчи чейректи күтпөй, этап-этабы менен класстарды ача беребиз”.
- Ысык-Атада мас айдоочу 6 жашар кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти.
- БШК: Бир катар саясий партиялардын тапшырган документтеринен мүчүлүштүктөр табылды.
- Бишкекте баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүп келген шектүүлөр кармалды.
- Жаңы окуу жылынан баштап жогорку класстын окуучулары салык мыйзамдарын үйрөнүшөт.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0