Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

СУЛУУ, СҮРДҮҮ, СЫРДУУ МАИчи КЫЗДАР

№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.


Репортаж

Сулуу, сүрдүү жана сырдуу кыздар. Сулуулугу – алардын табият тартуулаган келбети, сүрдүүлүгү – алардын кийими, сырдуулугу – кыска-нуска сүйлөп, оңой менен ачыла бербеген сапаты. Бул баш калаабыздагы жол эрежесин сактаган МАИчи кыздарга тиешелүү. МАИ учурда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы деп аталат. Бирок биз көпчүлүккө маалым болгон МАИ деген аталышта берүүнү туура көрдүк.

“ЖУМУШУМДАН ЧАРЧОО ЧОҢ ЫРАХАТ ТАРТУУЛАЙТ”

Бул кесипти аркалагандарды таң эрте сайраган булбул менен тең ойгонот десек болот. Дегенибиз, МАИнин кыздары 07:00дө иш ордунда болуп калышты. Демек, андан да эрте турушат. Кыздар взводунун командири Дамира Турсуниязова келгендерди белгилеп, аларды бул күндүн планы менен тааныштырды.
Тапшырма алышкан соң экиден болуп өз ордуларына таркап кетишти. Биз болсо командирдин машинасына отуруп, Жукеев Пудовкин-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде турган Нурзат аттуу адаш кыздарды көздөй жол тарттык. Жолдо командир менен маек­тештик.

– Дамира айым, иш күнүңүз кандай башталды?
– Жакшы. Башка күндөн өзгөчөлөнүп, журналисттердин күбөсүндө наряд өткөрдүк.
– Катарда тизилип 10 кыз турду. Ушунча эле иштейби же дагы барбы?
– Жок. Бизде баш-аягы18 кыз иш­тейт. Учурда алардын экөө декреттик эс алууда. "Жылмакай график" деп коёт, өз ара бөлүшүп, эки күндөн эс алабыз. Келбей калгандары – дем алышта жана ден соолугуна байланыштуу ишке чыга албагандар.
– Бардык эле каалоочу кыздарды бул ишке ала бербесеңиздер керек...
– Албетте. Башкы талап – билим. Дагы башка талаптар бар. Мисалы, бою 180 сантиметрден жогору болуш керек. Спорт менен машыккан, рулду башкарууну билген жана башка. Чындыгында жумуш оор. Көпчүлүк айткандай, айымдарга тиешелүү кесип эмес. Бирок бизде эркектерден кем эмес, тескерисинче, ашыкча иштеген кыздар катарыбызда.
– Жумуш эмнеси менен оор?
– Оор деп жалпылап айттым окшойт. Бир мен үчүн оорчулук деле сезилбейт. Ар бир адам өзүнүн жумушун сүйсө, сыйласа, анын оорчулугун, кыйынчылыгын сезбейт окшобойбу. Ишенсеңиз, ошол оор жумушту аркалоо мага чоң ырахат тартуулайт.
– Командир болгон соң жооп­керчилик да чоң болсо керек...
– Ооба, жоопкерчилик чоң. Кыздар менден үлгү алышат. Мен ал үчүн өзүмдү татыктуу алып жүрүшүм керек. Жүрүм-турумум, алар менен иштеше билгендигим, баары сабак болуш керек. Булардын баары менин үй-бүлөмдөй. Пайда болгон маселени бирге чечебиз. Кыздардын жүрүм-турумуна мен жооп берем. Ал эми алар менин ишеничимди актай билишет.
– Кыздардын сырткы келбети кандай болушу шарт?
– Кийимди таза, үтүктөп кийүү. Чач тыкан таралып, түйүлгөн болуусу шарт. Ашыкча аксессуар тагынбоосу керек. Ошондой эле тырмакты орсойтуп өстүрүүгө да болбойт.

Аңгыча болжогон жерге да жетип келдик. Кыздар кызуу ишке киришкен экен. Нурзат Арзымованы жол жээгине чакырып, кепке тарттык.

– Нурзат, дайыма адашың менен бирге турасыңбы?
– Жок. Ар күнү иш ордубуз жана шеригибиз алмашып турат.
– Жумушуңдун эмнесинен ырахат аласың?
– Жол эрежесин бузган айдоочулар өтө көп. Мына ошолорду тартипке чакырып, болсо айып жазып жазалоодон ырахат алам.
– Бул балалыгыңдан бери самаган кесибиңби?
– Анжелина Жоли сыяктуу актриса болуп, тасмада роль жаратып жылдыз болууну самачумун. Бирок убакыттын өтүшү менен кыялым өзгөрдү. Эми погондо жылдыздардын көбөйүүсүн тилек кылам.

"Кыялыңыз орундалсын" деп биз маегибизди эми Нурзат Разакова менен уланттык.

– Нурзат, МАИнин кызматкери болуу айымдарга тиешелүү эмес кесип делинет, сенин оюң...
– Негизи, бул кесипке аралашкан кыздардын мүнөзү өзгөрөт. Созулуу, чоюлуу деген жок. Башкача айтканда, эркектерден эч айырмаң жок болуп калат. Бирок ар бир адам өзүнүн кесибин өзү тандайт. "Бул айымдардын, бул мырзалардын кесиби" деп бөлүнгөнү менен, оор кесип болсо да сүйүп, мыкты өздөштүрүп кетүүгө неге болбосун?

Кыздарды көпкө кармабай, кийин­ки иш ордунда турган биздин формачан сулуулар менен таа­нышканы жол тарттык. Унаада маегибизди командир Дамира менен уланттык.

– Айдоочулар ар кандай болушат. Арасында сылыгы да, орою да бар. Сөгүп кеткендер да болсо керек. Андай учурларда кантесиз­дер?
– Туура айтасыңар, айдоочулар ар кандай. Бирок биз баарына чыдайбыз. Чыдайбыз дегенде кандай? Бизге бекеринен психологияны окутпаса керек. Машинадан түшкөн айдоочунун жүзүн карап эле эмне деп айтарын билебиз. Башкача айтканда, психолог болуп бүттүк. Агрессивдүү айдоочулар жини менен сүйлөп алышса, биз эмоцияга алдырбай, айтор, жолун таап, чыр-чатаксыз чечүүгө аракеттенебиз. Эркек башы менен маселесин айткандарды жаман көрөм. Ар кимде чечилбеген маселе бар да. Анан "ай, байке, меникин айтсам, бул жерде турбай каласыз" деп токтотом. Бирөөнүн көйгөйү кимге кызык, туу­рабы?
– Ооруканага жакынын шашылыш түрдө алып бара жаткандарды да кармап, документин текшерип тура бересиздерби?
– Жок, эми баарыбыз адамбыз да. Анчалык таш боор эмеспиз. Түшүнүүгө болот. Адамдын чын эле туталанып турганын жүзүнөн көрөсүң. "Экинчи мындай кылбаңыз, жол кырсыгына кабылышыңыз мүмкүн" деп түшүндүрүп, анан коё беребиз.
– “Чоң кыз” деп жымыңдап тийиш­кен айдоочуларга кандай жооп узатасыздар?
– Каардуу үн менен документин сураганда кайпалактап калышат. Андайлар күнүнө ондоп кезигет. “Дай повод”, болду кетти. Бизди көбүнчө "аябай сүрдүүсүңөр" дешет. Мүмкүн. Бул – жумушубуздун талабы. Бирок ошол эле учурда жылмая сүйлөгөндү да билебиз.

Кызуу сүйлөшүп келе жатып Абдырахманов-Кулатов көчөсүнө келгенибизди байкабай калган экенбиз. Ал жерде турган МАИнин кыздары эрежени бузган айдоочу менен алышып жатышкан көрүнөт. Сырттан байкасак, унаасынын терезесин караңгылатып алганы үчүн токтотулган экен. Командир барып: “Алдыңкы терезеге чапталган күңүрт клеёнканы азыр сыйры же мен сыйрып берем”,- деп каардуу үнү менен айтты. Айдоочу бир топко чейин макул болбоду. Бирок акырында сыйрыды. МАИ кызматкерлери айып жазылган кагазды колуна карматып, төлөп келүүгө жөнөтүштү. Ошол жерде кыздар менен таанышууга үлгүрдүк.

– Гүлназ, күндө ушундай ызы-чуу­га кабыласыңарбы?
– Ооба, биз мындайларга көнүп калганбыз.
– Жумушуңдун эмнеси жагат жана эмнеси жакпайт?
– Ушундай атайын форма кийгениме сыймыктанам. Форма үчүн ушул кесипти тандагам десем болот. Ал эми жакпаган жерин таба албадым. Бул, мүмкүн, ишимди ушун­чалык сүйгөндүгүмөн улам болсо керек.
– Учурда эмнени абдан самап жүрөсүз?
– Биринчиден, жакшылап уктоону (күлүп). Уйкум канбай жүрөт. Анан машиналуу болууну. Toyota Corolla үлгүсүндөгү машина аябай жагат. Бирок андай кыялга жетүү мен үчүн азырынча жомоктой туюлат.
– Калия, саат 16:00гө чейин иш­тейт экенсиңер. Андан кийинки убактыңарды эмнеге жумшайсыңар?
– Ар күнү ар кандай. Көбүнчө машыгуу залына барабыз. Биз дайыма формада болушубуз керек да. Бассейнге да барып турабыз.

Абдрахманов-Москва көчө­сүн­дө турган кыздар менен да таанышууга шашылып, бул жердеги кыздарга ийгилик каалап, командир менен машинада мае­гибизди уланттык.

– Кыздар кайсы жерде эс алышат? Жарандык кийим менен кайсы жайлардан кезиктирүүгө болот?
– Айтпайм (күлүп). Эл катары майрамдарда чогулуп кафеге барабыз. Бирок көп учурда таанып, тынчыбызды алышат. Шаардын ызы-чуусунан, түтүн жыттанган абасынан ушунчалык тажайсың. Ошондо чогулуп тоого барабыз.
– Кыздардын көбү бойдок экен. Бүлөлүү болгондо бул ишти алып баруу оорчулукту туудурса керек?
– Жок, мен үчүн эч кандай оорчулук туудурган эмес. 14 жылдан бери жолдошум экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп эле жашап келебиз. Башында кызганыч сезим болчу. Азыр ишеним күчтүү. Ортобузда эки балабыз бар. Улуусу 6-класста окуп калды.

Айтылуу жерге жеткен соң унаа­дан түшүп, иштеп жаткан кыздарды кепке тарттык.

– Жаңы эле бир машина сигнал берип өттү. Мындай учур күндө эле болсо керек. Сурайын дегеним, сүрдүү, ошол эле учурда сулуу МАИ­чи кыздар кандай жигиттерди жак­тырышат?
– Сигнал берип тийишип, ышкырып өткөндөргө көнүп деле калдык. Көңүл бурбайбыз. Ал эми жигиттер тууралуу айтсак, биздин боюбуз узун болгондуктанбы, бойлуу жигиттерди жактырабыз. Жеке мага органдагы жигиттер жага бербейт, себеби алардын сыры бизге жакшы маалым. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй, сыйлаганды билген, кыялкеч жигиттер жагат.
– Элнура, атактуулардын кимиси "колго" көп түшөт?
– Саясатчыларды атабай эле коёюн. Ал эми ырчылардан Сема, Ома, Анжелика, Зарина Хасанова деген ырчылар көп түшүшөт.

Командир Дамира айымдан дагы кайсы жерде кыздар турушарын сураганыбызда эки тилке кал­ганын айтты. Абдрахманов-Чүй кө­чөлөрүнүн кесилишиндеги кыздарга тез эле жетип бардык.

– Элмира, бош убактыңызда эмне менен алек болосуз?
– Атамдын жолун жолдоп бул кесипке ээ болдум. Анын ыр жазуу таланты мага да жугуп калды көрүнөт, ыр жазам. Атам китебин чыгарууну самап жүрүп көзү өтүп кетти. Эми мен анын ырларына өзүмдүкүн кошуп, китеп чыгарууга камынып жүрөм.
– Наргиза, Нургүл, ар кандай айдоочуну көрдүм. Учурдан пайдаланып, аларга эмне деп кайрылат элеңиздер?
– Ар бир адам өзүнүн коопсуздугун ойлосо. Унааны шашкалактабай айдаса (кыздар чогуу жооп беришти).

"Жогорку Кеңештин арт жагында жалгыз кызыбыз бар" деген командир бизди ошол жакка алып жөнөдү. Жолдо бара жатып: “Кыздардын жарымы ИИМдин академиясында сырттан окушат. Көбүнчөсүнүн экиден билими бар. Ар жумада дене тарбия­дан экзамен тапшырып турушат”,- деп айтып берди. Аңгыча акыркы МАИчи кызга жеттик.

– Жылдыз, туулган күндөрдү чогуу белгилейсиңерби?
– Ар кандай. Бирок ортодо акча чогултмайыбыз бар. Баарыбыз азыр күмүш сөйкө белекке алып жатабыз, окшош кылып.

Жаңы сүйлөшүп баштаганда командир башчысына чакыруу келди. Биз коштошуп, Дамира айым менен жөнөдүк. Чакырган жерге жетип барсак, машина кагышкан экен. Биз жолтоо болбойлу деп коштошуп, ишке кайттык. Ал эми кыздар жол коопсуздугун күзөтүп калышты.


МАИчи КЫЗДАРДАН КЫЗЫКТУУ ОКУЯ

– Негизи, айдоочулук күбөлүгүн алдырбоо үчүн айдоочулар актёр эле болушат. Бир жолу ЗИЛ айдаган айдоочуну тоскон элек. Документин сурасак эле түшө калып төшүн каккылап, маймылдай болуп: "А-а-а, мен Ооган ардагеримин, а-а-а, мени жегиле",- дейт жүрөк түшүрө кыйкырып. Анда биздин кыз өзүндөй жооп берип: “А-а-а, документиңизди бериңиз”,- деди. Тиги коркуп кетип документти берди да: “У-у-у, мени жегиле, мен башымдан ок жегем, мени коё бергиле",- деп боорду эзген.

– Машинаны токтотсок, айдоочу түшөрү менен: "Тойго кечигип жатабыз. Карындаш, коё берчи?!"- дейт. Биз болбой, тиешелүү документин текшерип киргенибизде унаадан аялы чыгып: "Ай, “похоронго” баратабыз десең кыздар тез коё берет эле го",- десе болобу?..

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

МАИчи КЫЗДАРГА КЫЗЫГАСЫЗБЫ?

Бакыт,
43 жашта, мугалим:
– МАИчи кыздар Абдырахманов көчөсүндө турушат. Алардын турганы бир гана жол коопсуздугун сактабастан, көчөнүн көркүнө көрк кошот. Аларды алыстан көргөндө ылдамдыкты жайлатып калам. Маанай сонун болуп турганда сигналды бир басып өтүп кетем.

Тата Улан,
30 жашта, ырчы:
– Жок, кызыкпайм. Машинам жок болсо кантип кызыгам? Аларга ишим түшкөн эмес, көңүл деле бурбаптырмын. Эми бул алардын кесиби, аткарган иши да. Анан тааныштарымдан алар такыр пара албайт деп угуп, жакшы экен деп кубанып коём.

Мирлан Асеков,
25 жашта, спортчу:
– Албетте (күлүп), менимче, кызыкпаган мырза жок болсо керек. Кыздар форма кийип зыңкыйып көчөдө турушса, мага ушунчалык сулуу көрүнүшөт. Анан кантип кызыкпай коёсуң? Кийген формасы да аябай жарашат. Кыргызымдын ушундай кыздарын карап суктанып, сыймыктанып коём.

Азамат Эркинбаев,
27 жашта, ди-джей:
– Кызыкканда да аябай да. Арасында жылдыздуу кыз бар, аябай жагат. Бир жолу атайын колуна түшүп, телефон номерин сурасам бербей койгон. Ушул күнгө чейин ала албай келем. Кээде башка жакка бара жатсам да, атайын ошол кызды көрүү үчүн машинамды Абдырахманов көчөсү менен айдап өтөм.

Азат,
24 жашта, айдоочу:
– Суйкайган сулуу кыздар форма кийип алып көчөдө турушса, кантип кызыгып карабайсың? Аябай кызыгам. Досторум менен өтүп баратып сөзсүз ышкырып, кыйкырып, тийишип өтөбүз. Анан алардын сүрдүүлүгү аябай жагат. Бир караган көз карашы тим эле катарга тизип койчудай го...

Алибек,
30 жашта, айдоочу:
– Беш жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Жол эрежесин мыкты билгендиктенби, айтор, МАИчилерге түшпөйм деле. Бирок кээде МАИчи кыздын жолдо турганын көрүп, бул салтымды бузгум келип кетет. Шылтоо кылып таанышып, алар менен сүйлөшүү кандай болору кызыктырат.

Нургазы,
46 жашта, журналист:
– Билишимче, МАИчи кыздардын пайда болгонуна эки жылдын жүзү болду. Башында жаңылык эле, азыр болсо алардын турганы мени кызыктырбайт. Бара-бара баарына кадимки көрүнүштөй туюлса керек.

Бактыгүл Сокушова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(15)
25.09.2010. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арзыматова нурзатка акча бергем бетин былтыйтпай эле жакшынакай туруп 300 деген
25.09.2010. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откондо сабака кетип баратсам фрунзе-манаста ышкырыгы менен ышкырып ары откуло бери откуло деп бир орус кыз туруптур абдан нечошка экен
модельный внешность абдан жакты
25.09.2010. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чиркин, ушул кыздарды карап отуруп жолдон чыгып кете жаздайм. :) Чынында мелийса кыздар аябай "скромный" болушкусу келген менен, кыздын конулу жакшы создо эмесби? Бир жолу токтотуп калганынан, штрафын толоп таанышып алганга да улгурдум. Тагдырдын тамашасыбы кийинки жолу
25.09.2010. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырдын тамашасыбы, кийинки жолу да ошол кызга туш келиптирмин. Мени карап кулуп, эскертуу берип эле коюп жиберди. Кантсе да жигиттерден кем калышбай жоопкерчиликтуу ишти аркалап келе жаткан кыздарыбызга ийгиликтерди каалайбыз.
25.09.2010. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGge barganda sossuz maii kyzdarga jol erejesin buzup bolso da jolugam antkeni kyrgyz kyzdary uwundai iwterde iwtese suktanasyn da
25.09.2010. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalbiraktin aytkanin korup tan kalip jatam, chin ele akcha alishat beken oshol kizdar. Men alardi takir akcha alishpay taza ishteshet dep oylop kelchumun jana ukkam dagi.
Kachan degi bizdin Kyrgyzstanibizda akcha allu toktoyt. Kaysi jaka (osobenno dokumentterge baylanishtuu Gos Ishkalarga) barba akcha!
25.09.2010. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikashym4a kobY ele Koldon go...
Kantse da,bul azyrky ubakta janylyk dele emes...Men jurgon jerde Aiyaldar stroykada ishteshet,4on gruzovoy mashina aidashat.Men kunugo tushkon avtobuzdun aidoo4usu da Ayal.Bashynda oozum a4yl4u ele...Azyr konumush adat.Erkek m-n Ayaldyn ukuktaru = bolup kaldy!!!
25.09.2010. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xaxaxa
26.09.2010. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыздардын аппетитери аябай чон,буларга кармалгандан корок эркек маичилерге кармалган оноюраак. Озгочо арзыматова нурзат,Эрматова жылдыз и анан жанагы орус кыз! аябай озунун должностун колдонушат!!!
27.09.2010. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga biri da jakpait tosup ele ak4a surawat postaina
27.09.2010. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элнуранын номерин бергилечи =0
28.09.2010. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4yn ele kobun4osu kolduk kyzdar eken...
28.09.2010. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжелердин номерин алсан болобу?
28.09.2010. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
случайно шаардык маичелердин начальниги ысыкколдук эмеспи....
06.10.2010. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кочонун коркун ушулар эле ачат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: