
27-августта Европа Лигасына тандап алуу оюндарынын алкагында Казакстандын «Кайрат» клубу өз үйүндө Армениянын «Ноа» футболдук клубун кабыл алды.
Кыргыздын келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкулов бул оюнга негизги курамда чыгып, оюндун 12-мүнөтүндө гол жаратып үлгүрдү. Бул анын «Кайрат» клубунун курамындагы алгачкы голу. Алыкулов Европа Лигасында гол жараткан алгачкы кыргыз футболчусу болду.
Оюн 4:1 эсебинде «Кайрат» клубунун жеңиши менен аяктады.
Гүлжигит Алыкулов Казакстан Премьер-Лигасынын IV турдук оюнунун жыйынтыгы менен эң мыкты оюнчулардын катарына кирди.
Динара Акимова