БИР БҮРКҮМ. 1-КЛАССТЫН ЭШИГИН 156 МИҢ БАЛА АТТАДЫ...
№926 3-9-сентябрь, 2020-ж.
- Бишкекте коронавирус эпидемиясында убактылуу ачылган стационарлардын акыркысы жабылды.
- БШК: “Шайлоодо акча тараткандар да, алгандар да 2,5 жылга чейин соттолот”.
- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия учурунда жабылган мамлекеттер аралык чек аралардын ачылышын колдой турганын билдирди.
- Ноокен районунда 1 чек ара кызматкери өз жанын кыйды, себеби белгисиз.
- 31-август – Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн майрамдоодон кийин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан 2 тонна таштанды чыгарылды.
- Бишкекте милиция кызматкерлерин сөгүп интернетте талкууга түшкөн кызды райондук сот 3 жылга эркинен ажыратты.
- Ысык-Көлдө 17 жаштагы өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду.
- Өлкөдө быйыл 1-класстын босогосун 156 миң окуучу аттады.
- Бишкекте жеңил унаа 19 жаштагы кызды сүзүп кетти.
- Дүйнөлүк окумуштуулар Жерди эң жаман климаттык апаат күтүп жатканын айтып чыгышты.
- Жалал-Абадда унаа 60 метр бийиктиктен кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду.
- Депутат Таалайбек Масабиров мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз менен кайрылды.
- Ысык-Көлдө эс алуучулардын жоктугунан 220 объект иштеген жок.
- Жалдагы үрөй учурган мушташ. Ленин райондук соту Жаныбек Бапышовду 10, Калысбек Сейитбековду 11 жылга эркинен ажыратты.
- Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1 миң 746 адамга акысыз отургуч-арабалар берилди.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0