БИР БҮРКҮМ. ОКУУЧУЛАР НОЯБРДА 1 АПТА ЭС АЛЫШАТ...
№927 10-16-сентябрь, 2020-ж.
-
Өзбекстанга ЕАЭБде байкоочу-өлкө статусун берүү маселеси каралып жатат.
-
Өлкөдө 2020-жылдын алгачкы 7 айында 20 158 адам каза болду.
-
2023-жылы Кыргызстанда орточо айлык 19 577 сом болору күтүлүүдө.
-
COVID-19: 7-сентябрга карата Кыргыз ооруканаларында 601 бейтап дарыланууда.
-
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-сентябрга карата 15 миллиард 24 миллион метр кубду түздү.
-
Кыргыз-Казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү бекети 7-сентябрда кайрадан иштей баштады.
-
Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрда эки күндүк иш сапары менен Ош облусун кыдырат.
-
Баткендин алыскы Зардалы айылына электр чубалгысы тартыларын “Ош электр” ишканасы билдирди.
-
Өлкөдө 2137 орто мектептин 2106сы интернетке кошулганы расмий маалымдалды.
-
Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган деп шектелип 20 жаштагы жигит кармалды.
-
Быйылкы окуу жылында мектеп окуучуларынын күзгү эс алуусу 2-9-ноябрь күндөрү болот.
-
Болотбек Узакбаев Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.
-
Бишкектеги Фучик атындагы сейил бак толугу менен мэриянын карамагына өткөрүлдү.
-
8-сентябрда Аламүдүн районунда жеңил унаа каналга түшүп кетип, ичиндеги эки адам изделүүдө.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0