
Ташчайнар каймана атка ээ болгон балбан
Нурлан Алишеров өткөн аптада ден соолугу начарлап оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу кабар тараган. Кант диабети менен жабыркаган балбан акыркы учурда балдак менен басып калган эле. Андан тышкары 5-6 оору менен күрөшүп келет. Абалын билүү үчүн өкүл баласы
Алымбек мырзага байланышып, буларды билдик:
– Өкүл атам 2-сентябрь күнү эсин жоготуп жыгылган. Ооруканага жеткиргенде врачтар кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Негизи кант диабети менен ооручу. Врачтар микроинсульт алганын айтышууда. 4-сентябрь күнү палатага которулду. Азыр абалы туруктуу, басып, бир аз сүйлөп калды. Толук жакшы болуп кетишине бир топ убакыт керек деп жатышат.
Нурлан Алишеровго жардам берүү үчүн телефон номери: 0776553535 – ЭЛСОМ