
31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүк алган күнүнүн урматына Бишкектеги Тарых музейинин алдында салтанат болуп, анда көйкашка акын
Аалы Туткучев өлкө башчынын алдында өлкөдө болуп жаткан терс көрүнүштөр тууралуу ырдаган. Ал учур тартылган видео талкууга алынып, акынга ыраазы болгон эл алкыш сөздөрүн айтышкан. Ал эми жакында Аалы Туткучев өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына
“шайлоодо бардыгына каршымын деп добушумду берем” деп жазды.
– Бир партия жагып жатат. Добушумду ага берип, башкаларга да сунуш кылам. Аны шайласак азыркынын баары жок болуп, жаңы жүздөр депутат болмок. Ал – “Баарына каршы!” партиясы,- дейт акын.