БИР БҮРКҮМ. САСЫК ТУМООГО КАРШЫ ЭМДӨӨ БАШТАЛДЫ...
№928 17-23-сентябрь, 2020-ж.
- Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштамакчы болгон жигитти милиция кызматкери куткарып калды.
- 20-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда авиакаттамдар жанданат.
- Өкмөт: “Октябрдан тарта пенсиянын суммасы 397 сомго көбөйөт”.
- Өлкөдө жугуштуу оорулар үчүн курулуп жаткан 12 оорукананын 7си бүттү, жакында колдонууга берилет.
- 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинин аймагында жер көчкү жүрдү, жабыркагандар жок.
- Өлкөдө аскер кызматына күзгү чакыруу башталды.
- Чек ара маселелери боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөрүнүн атайын комиссиясынын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу өттү.
- БШК үгүт учурунда өлкөнүн жана партиялардын гимнин ырдоого уруксат берди.
- 16-сентябрдан тарта өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө башталды.
- Айбек Чодонов “Бишкексвет” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
- Өзгөндө аскердик бөлүктүн офицери кокустан өзүн мылтык менен бутка атып алды.
- 16-сентябрга карата коронавирус илдетинен айыгып чыккандардын саны 41 миң 210 адамды түздү.
- Парламенттик шайлоонун бюллетендерин “Учкун” басмаканасы даярдайт.
- Чет элдик донорлордун эсебинен өлкөгө 100дөн ашык "тез жардам унаасы" алынып келинет.
- 2020-жылдын 8 айында өлкөдө 402 миллион 77 миң даана жумуртка өндүрүлгөнү айтылды.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0