
Түркиянын Стамбул шаарында жашап, окуп жаткан ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу
Сания түрк тилинде аткарган ырына клип тартты. Бул тууралуу ырчы буларга токтолду:
– "Sen ask mIsIn?" аталышындагы ырыма клип тарттырдым. Бир аптадан кийин көрөрмандарга тартуулайбыз. Клипти тартууга 7 миң доллар каражат сарпталды. Бул жакта ыр жаздыруу, клип тарттыруу кыйын экен. Мындан тышкары менчик окуу жайлардын биринде менеджер адистиги боюнча билим алып жатам. Сынактан эң жакшы деген баа алып, контракт 50 пайызга кыскарды. Дагы 1 жыл окуйм.
Белгилей кетсек, Саниянын чыгармачылыгына "Arte studyo menajerlik" аттуу түрк компаниясы менеджерлик кылууда.