
"UFC`нин 253” турнири 27-сентябрдан 28ине караган түнү болору белгилүү болду. Аталган турнирде Исраэль Адесанья Паулу Костага каршы титулун коргойт.
Иш-чара алгач 11-сентябрга пландалган болчу, бирок 26-сентябрга жылдырылган. Турнир нигериялык жана жаңы зеландиялык Исраэль Адесанья менен бразилиялык Паулу Коста экөөнүн ортосунда болмокчу. Бул Адесаньянын экинчи титулдук коргонуусу.
Эске сала кетсек, буга чейин Адесанья менен Костанын ортосундагы беттеш пландаштырылып, Коста жаракатына байланыштуу мелдешке катыша албай калган.
Жумабай Акимов