
Стилист, дизайнер
Замира Молдошева дүйнөдөгү абройлуу делген "Rotary Club" кайрымдуулук уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү филиалынын директору болуп дайындалды. Кайрымдуулук уюм социалдык жардамга муктаж болгон жарандардын жашоо шартын жакшыртуу багытында иштерди жүргүзөт. Замира айым 1 жылдык мөөнөткө жетекчи болуп дайындалганын айтты. Бул тууралуу ал мындай дейт:
– Кайрымдуулук клубдун мүчөлөрү 1 жылдык мөөнөткө жетекчи болуп дайындалып, бул аралыкта өздөрү сунуштаган долбоорду ишке ашырышы керек. Менин ишим – инклюзивдүү мектептин курулуш иштерин аягына чыгаруу.
Эскерте кетсек, "Rotary Club" 1905-жылы негизделген, 1999-жылы Бишкекте бөлүмү ачылган.