БИР БҮРКҮМ. ШАЙЛООГО 121 ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУ КӨЗ САЛАТ...
№929 24-30-сентябрь, 2020-ж.
- 4-сентябрда 1000 доллар пара алып жатып кармалган УКМК кызматкери 4-ноябрга чейин №1 СИЗОго киргизилди.
- 23-сентябрга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 45 630 адамды түзсө, анын 41 904ү айыгып чыкты.
- Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө жарлык чыгарды.
- Ат-Башы районунда 3 адамдан сибирь жарасы аныкталды.
- Патрулдук милиция: “Бишкекте 1 суткада – 21-сентябрь күнү 871 айдоочу жол эрежесин бузду”.
- 2020-жылкы парламенттик шайлоого 26 өлкөнүн атынан 121 байкоочу көз салат.
- 23-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 15,1 миллиард метр куб суу бар.
- Бириккен Улуттар Уюму шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды берди.
- Бишкектин тургундарынын таза суу үчүн мэрияга карызы 21-сентябрга карата 132 миллион сом экени айтылды.
- Финпол: “Патентти мыйзамсыз берүүгө шектелип Бишкектин Ленин райондук салык башкармалыгынын жооптуу кызматкери кармалды”.
- 2020-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы 47 миллиард 990 миллион 800 миң сом салык төлөмдөрүн чогултканы айтылды.
- Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчылыгына 6-октябрда кайрадан шайлоо өтөт, 21-сентябрда өткөн шайлоону БШК жараксыз деп тапты.
- 2020-жылы өлкөдөгү жолдорду жана көчөлөрдү капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен 355 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0