
"Атаман" каймана аты менен белгилүү кыргыз мушкери Рафаэль Физиев UFC турнириндеги кезектеги беттешин ушул жылдын 28-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөрөт. Физиевдин атаандашы бразилиялык 31 жаштагы Ренато Мойкано болмокчу.
Ренато Мойкано өз карьерасында 18 беттеш өткөргөн. Анын 14үндө жеңишке жетип, 3 жолу жеңилүү ызасын тартса, 1 ирет тең чыккан.
Белгилей кетсек, 27 жаштагы Рафаэль Физиев UFC турниринин алкагында 3 беттеш өткөрүп, анын экөөндө утуп алган. Ал үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда британиялык Марк Диакезини жеңип алган.