
Кыргыз мушкери Турат Осмонов профессионал бокстун WBC Asia версиясы боюнча титулдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Осмонов өзү билдирди.
Беттеш 54 килограмм салмак ченинде өтөт, ал эми кыргыз мушкеринин атаандашы орусиялык Артём Ткаченко болмокчу. Кыргызстандык мушкер учурда Екатеринбургда машыгууларды өткөрүп жаткан чагы. Беттеш 30-октябрда Орусиянын Барнаул шаарында өтмөкчү.
Турат Осмонов былтыр, 2019-жылы профессионалдар арасында 3 беттеш өткөрүп, үчөөндө тең жеңишке жеткен.
Жумабай Акимов