Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
“КӨЗҮҢДӨГҮ ОТ...”№930 1-7-октябрь, 2020-ж.
Марат аны бир көргөндө эсин жоготкон. Шыңк эткен күлкүсү, тиктегенде от болуп күйүп турган кумарлуу көздөрүн көргөндө эле “өлдүм” деген. Кызыгың түшкүр, анча-мынчаны теңине албай, чыйт түкүрүп жүргөн 30 жашка чыгып калган жигит 17 жаштагы секелекке арбалды да калды. Арбалганы эч нерсе эмес, бармагында гана ойнотту го, чиркин. Нарындан мал алып келип борборго сатып, жаңы машине сатып алган болчу. Бул 90-жылдардын аягында айыл үчүн укмуш жетишкендик эле. Ошол машинени майлап жүрүп, райондун борборуна келген кыздар менен таанышып калып жатышпайбы. Жанында досу Расул да бар эле. – Кыздар, айылыңарга чейин ала кетебиз. Бекер эле. – Рахмат, мейли. Бирок акысын деле төлөйбүз. – Силердей сулуу кыздардан акы алып жинди белек? Көзүн кыскан Расул түрдүү тамашаларды айтып кетип бара жатты. “Аттиң, жеңеңер болбогондо, бириңди азыр эле алып кетет элем” деп да тамашалап өттү. – Жаныңыздагы байкенин аялы сиздикинен да кыйын окшойт, эч эле оозун ачпайт го,- деди шоктонгон кыздардын бири. – Аа, булбу? Бул Марат байкеңердин аялы жок. Бойдок. Бирок өзү көп сүйлөбөгөн неме. Сөз ушул жерге келгенде жанагы кыз менен Мараттын көздөрү күзгүдөн туташа түштү. Кыз жылмайып койду. Коңшу айылдын кыздары экен, жеткирип кетип бара жатышты. Тиги кыздын балбылдаган көздөрү Мараттын эсинен чыкпады. “Айзуура аты. Досум, бирок... Сен үчүн жаш болуп калбас бекен? Анын үстүнө...” деген мукактанган досуна көңүл бурбады. Демейде кумурсканын жөргөлөп кеткенин билген сезимтал жайы бар эле, бул жолу эч эле капарына албады. Тез арада ата-энесин жуучуга жөнөттү. Айылда бардар турган адамдын жалгыз уулуна кайдан “жок” дешсин? Ата-энеси да макул болуптур. “Болгону мектепти бүтөрүнө аз калды, колуна аттестатын алып алсын” деген шарт коюшкан экен. Ошентип кыз орто мектепти бүтөрү менен эле экөө баш кошушту. Айзуура тың келин болду. Колунан да, сөзүнөн да келген келинге суктангандар көп эле. Башында Марат үчүн сыймык болчу. Өзү да түнт адам эле. Кандай чөйрө болсо да селт ойготуп жиберген шайыр келинчегин бара-бара кызгана баштады. Кандай жагдайда болсо да биринчи планга чыгып кеткен аялынын көлөкөсүндө калып бара жатканын сезчү. Эркек үчүн бул көтөрө алгыс нерсе эле. Сыртынан баары жакшы көрүнгөнү менен, жарым жылда экөө эки башка дүйнөнүн адамдары экени билине баштады. Айзуура бир жерге тура албаган шок, өрттөп жибере турган кумарлуу, шайтанды жолдон чыгара тургандай амалкөй болчу. Марат болсо өз дүйнөсүндө жашаган, элдин алдында сүйлөмөк тургай, үй-бүлөсүнүн алдында көп сүйлөбөгөн адам эле. – Сен эл алдында көп ырдай бербечи, ээ? – Эмне болот экен? Ырдагым келет, үнүм бар. – Ошентсе да. Алкымында буулуп турган кызганычын да сөз менен айтып бере албай буулукту. Так кесе “сен муну кылба” деп коё тургандай айта албады. Анткени ансыз да бой салбай жүргөн келинчегинин көңүлүн суутуп алам деп коркту. Коркуу менен сүйүү арасында жүрүп аны чындап колунан чыгарып бара жатканын сезбеди. Үч жыл арасында бир кыз, бир эркек балалуу болушту. КӨЗҮНӨН ОТ ЖАНГАН КЕЛИНДИ ЭЛ УНУТТУ – Сен мени жинди кылдың!- деди шыбыраган эркек. – Өзүң жинди болдуң,- деди шыңк эткен келин. – Мараттын бетин кантип карайм? – Мен кайдан билем, карасаң кара, карабасаң көчүп кет,- деди келин. Бир паска үн катпай калды да, акырын кошумчалады. – Кабатыр болбо, мен кетем. – Кайда? – Орусияга. – Жинди болгон го. Баары жетиштүү, сен кайда барасың? – Иштейм, эркин болом. Алакандай айылда өмүрүм өтүп кетмек беле? Билесиңби, мен актриса же ырчы болмокмун. Апамдар болбой Маратка күйөөгө берип салышты. Кээде айыл мага ушунчалык тар сезилет, малды талаадан айдап келе жатканымда бакырып-бакырып алгым келет. Мен Мараттын жанында думугуп баратам. – Эх, акылсыз, бактың Марат экенин билсең. Урбаса же сокпосо. Каалаганыңды кылат го. – Сен да мени түшүнбөйсүң. Мага от керек, көзүнөн жалын күйүп турган адам керек. – Маратты кой, балдарыңды да таштайсыңбы? – Ооба. Айзуура ушундан көп өтпөй Орусияга кетип калганы угулду. Айылдагы көп эркектин уйкусун алган, көбүнүн карегинде катып калган аял эле. Аркасынан уу-дуу кеп болду да, жашоо өз нугу менен кетти. Көзүнөн от жанган келинди эл унутту. Бирок Марат эч унута албады. Мурункудай эле чакан өнөрканасында ээр чаап, комуз чаап, сүрөт тартып өз дүйнөсү менен алек. Жыгачты сүйлөтчүдөй чебер колдору бар эле. Аялы кеткенден кийин таптакыр эле элге аралашпай калды. Мурун эле кем сөз эле, эми такыр үн катпаган Маратка айланды. Сыртынан караганда баары мурункудай болчу. Бирок анын жан дүйнөсүнө эч ким үңүлбөдү. Балдарын ата-энеси багып калып, жолуна салды. Кийин ата-энеси каза болуп, балдары шаардагы гимназияда окуп калышты. Туугандары эчен кыз-келинди көрсөттү, эч бирине көңүлү келбеди. Күндө эртели-кеч үйүнөн чыгып шаардан келчү жолго чейин барып келчү. Өтө сезимтал жан гана анын үмүт менен жолду тиктеп жатканын байкабаса, көбү байкачу деле эмес. Жылдар өтүп, Айзуура деген атты көбү унутуп деле калды. Анда-санда гана анын канча күйөөгө тийип чыкканын эсептеп калгандар болчу. Ортодон 17 жыл өткөндөн кийин Айзуура капысынан пайда болду. Баягы эле шок көздөр, сулуу жүз, бир аз гана салмак кошкону болбосо, Айзуура мурункудай эле болчу. Марат болсо чачтары агарган, күрс-күрс жөтөлгөн, өз жашынан эки эсе карып кеткен эле. “КАЙРЫЛЫП КЕЛЕРИҢДИ БИЛГЕМ” – Сен келдиңби?.. – Келдим. Ооруп жатканыңды угуп келдим. – Эгерде аяганы келсең кереги жок. – Жок, өзүмдү аяган үчүн келдим. Сен эмес, мен байкуш экенмин. Издедим, таптым, жоготтум. Айланкөчөк жашоодо ордумду таба албадым. Анан сен тууралуу уктум. Жок дегенде сенин кечиримиңди алайын дедим. – Сен мага эмнеге турмушка чыкканыңды билесиңби? – ... – Сен мага эмес, ата-энемдин даражасына, мал-мүлкүнө кызыгып турмушка чыккансың. Ага жеткенден кийин сага сүйүү кызык көрүндү. Айылдан бир тобунун башын айландырдың, ичимден сынып турсам да көрмөксөн болдум. Ал дагы жетпеди, чоң оюн ойномок болдуң. Сен акылыңда сүйүү издедим дедиң, бирок сен чындыгында байлык издедиң. Байлык да келгендир колуңа, бирок эмгек кылбасаң кандай жеңил келсе ошондой жеңил кетет. Азыр да менин күнүм бүтүп баратканын сездиң да, келдиң. Мен муну башында эле билгем. Ошол үчүн мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмесмин. Баары бир мага болбосо да үй-жай, мал-мүлккө кызыгып кайрылып келериңди билгем. Ооба, баары сага калат. Туура эсептедиң. – Марат! – Мен сени бир көргөндөн ашык болдум. Көзүңдөгү от... Ошол от мени арбап алды. Эч нерсеңе, шайкелең мүнөзүңө, туруксуз мамилеңе карабай сүйдүм. Ичимден от болуп жанып сүйдүм. Бирок көргөн жоксуң. Сенин жакын досумдун башын айлантып жатканыңды көргөн жок деп ойлойсуң, бирок мен көрдүм. Ичим чок болду. Бирок үн катпадым. Акылсыз же алсыз белем? Жок, жөн гана сүйдүм. Айылдагылар мага “Айзуура башыңды айлантып алган” деп айтышат. Жок, алар да жаңылышат. Мен болгону сүйдүм! Бул дүйнөдө аз гана эркек мендей сүйө алат. – Мени кечир... – Колуңа эмне тапшырганымды сезбесең, жоготконуңдан кийин кайдан билмексиң? Мен сага чындап эми боорум ооруду, Айзуура. Марат терс бурула берди. Ал көз жашын көрсөткүсү келбеди. Анткени дагы деле Айзуура аны түшүнө албаганын билди. Эртең эле, ашы өтө электе үй-жайына ээлик кылып эл алдында кашкайып сүйлөп турарын да сезди. Бир өмүр күткөн үмүтү, оңолот, акылына келип бакыттын баасын түшүнөт деген адамы азыр да түшүнө албаганын сезди. Эки айдан соң Марат көз жумду. – Атаңдын 40 күнүн өткөрөм деген досторунан кабар жок. Балам, мени угуп жатасыңбы?- деди Айзуура. – Угуп жатам, апа. Эч кабатыр болбо, өзүм өткөрөм. – Сенби? Кайсы акчаңа? Баласы күлүп жиберди. Апасына алакандай барак көрсөттү. – Сен ушунча жылдан кийин келип баары мурункудай болот деп ойлодуң беле? Атам акылдуу киши болчу, сен анын мыйзамдуу аялысың, сыртынан караганда баары сага калмак. Бирок ал баарын сатып, акчасын эжемдин атына банкка салып койгон. Мен 18 жашка чыкканда экөөбүз бөлүп алабыз. Азыр сиздин эч нерсеңиз жок, апакеси. Кайра кете берсең болот. Жолуң шыдыр болсун! Ошондо гана Айзуурага Мараттын “колуңа эмне тапшырганымды сезбесең, жоготконуңдан кийин кайдан билмексиң?” деген акыркы сөзү эсине түштү. Айлин Д. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Jan_balam2018
![]()
07.10.2020. 13:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен биринчи деп коройунчу
mamsali
![]()
01.11.2020. 20:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акылсыз келин экен
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|