
29-сентябрда Бишкектеги Улуттук филармониянын алдында өнөр адамдарынын, кафе, ресторандардын жумушчуларынын катышуусунда тынчтык митинги өттү. Акциянын катышуучулары жумушсуздук күч алгандыктан жергиликтүү бийлик тойканалардын ишин улантууга уруксат берүүсүн талап кылышты. Акцияга 100дөн ашык киши чогулду. Митингдин катышуучусу, ырчы
Курал Чокоев буларга токтолду:
– Митингге чыгууга алдын ала шаардык мэриядан уруксат алынган. Акцияга өнөр адамдары, ашпозчулар, официанттар жана башка жумушчулар катышты. Акция 40 мүнөткө жакын убакытка созулду. Тойлорду өткөрүүгө уруксат берилсин деген талаптарыбызды айттык. Анткени тойканаларды жаап койсо, тойду үйдөн өткөрөбүз. Анда, тескерисинче, санитардык эрежелер сакталбай калат. Ал эми кафе, ресторандар иштесе, баары эреже менен болот. Коомдук жайлар, соода борборлору, базарлар иштеп, ал эми кафе, ресторандардын иштөөсүнө чектөө коюлуп жатат. Оорунун баары эле тойканалардан жуккан жок. Мындай акция Таласта да өткөрүлдү. Ысык-Көлдө дагы уюштурулуп жатат.