БИР БҮРКҮМ. БИШКЕК-БУДАПЕШТ АБА КАТТАМЫ АЧЫЛАТ...
№930 1-7-октябрь, 2020-ж.
- Баткен облусунда күздүк себүү иштери башталды.
- Мамлекеттик салык кызматы: “Өлкөдө 184 557 салык төлөөчү салык кызматтарын онлайн пайдаланууда”.
- Патрулдук милиция: “Бишкекте 18-24-сентябрь күндөрү мас абалда рулга отурган 91 айдоочу кармалды”.
- Өлкөдө учурда 568 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана 8328 кычкылтек аппараты бар экени айтылды.
- Өлкөдө жалпы 3 миңдей медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, 29-сентябрга карата анын 144үнө компенсация төлөнгөнү айтылды.
- Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө 2021-2024-жылдары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
- “Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес” деп саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго сөгүш жарыяланды.
- Бишкек-Будапешт багытында түз авиакаттам ачылары пландалууда.
- Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча 2-октябрда өтүүчү соттук отурумга катышуусуна уруксат берди.
- Баткен облусунда жаңы курулган жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилүү алдында турат.
- Таластын Бакай-Ата районунда 74 жаштагы карыянын өлүмүнө шектелип анын уулу кармалды.
- Экономика министрлиги: “Малды Өзбекстан менен Тажикстанга экспорттоо өскөндүктөн өлкө аймактарында эттин баасы кымбаттап жатат”.
- 29-сентябрга карата Бишкек ЖЭБинде 242 820 тонна көмүр бар экени айтылды.
- Доллар кымбаттоодо: Улуттук банк 29-сентябрда 27 миллион 950 миң доллар суммасында интервенция жасады.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0