
5-октябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккан жарандардын катарында көптөгөн өнөр адамдары болду. Митингге жубайы менен келген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти
Мирбек Атабеков жарандык позициясын билдирип,
“досун саткан элин да, жерин да сатат” деди. Ырчынын бул сөзү интернет желесине желдей тарап, аны көпчүлүк эл колдоого алышты. Ырчыга байланышканыбызда буларга токтолду:
– Мен митингдерди жактырбайм. Бирок өлкөдөгү кырдаал митингге катышууга аргасыз кылды. Анткени пандемия учурунда элдин кыйналганын унуткан жокмун. Мага бийликтин кереги жок. Башкы тилегим – бийликке татыктуу жаштардын келиши.
Экинчиден,Атамбаевдин убагында коррупция абдан гулдоп турган убагы болгон.Анын доорунда Садыр камалды,бир кычкач 600$ болду.Ой жугуртуп кор озун дагы.