
4-октябрда Алматы шаарында Казакстан чемпиондугунун 6-турунун кийинкиге калтырылган оюну болуп өттү. Кыргыз улуттук курамасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстан чемпиондугунун эң маанилүү беттеши болгон "Астана" – "Кайрат" беттешинде 2 гол киргизүүгө жетишти.
Алыкулов бул оюнга негизги курамда чыгып, оюндун 24-мүнөтүндө гол жаратты. Беттеш кызуу жүрүп, оюндун 49-мүнөтүндө Алыкулов атаандаштарынын айып аянтчасына сокку узатканда топ “Астана” командасынын коргоочусуна тийип голго айланды.
Беттештин жыйынтыгы 3:0 эсебинде алматылык "Кайрат" клубунун жеңиши менен аяктады. Бул жеңиштен кийин “Кайрат” 29 упай топтоп, “Астанадан” 8 упайга озуп кетти.