
Бишкектик "Дордой" футболдук клубу футбол боюнча 12-жолу Өлкө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Чемпиондуктун бүтөрүнө 1 тур калганда Кант шаарында өткөн беттеште "Дордой" "Алга" клубун 5:1 эсебинде жеңип, 6 упайга озуп кетти. Беттештин мыкты оюнчусу Максим Шило болду, ал 2 гол киргизди.
Муну менен башкы машыктыруучу катары
Александр Крестининдин командасы үчүнчү жолу жеңишке жетти.
Жумабай Акимов